Москвада Казакбаев менен Лавров жолугуп, 4 документке кол коюлду
20:29 25.02.2021 (Жаңыртылды: 22:29 16.12.2021)
© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушу
![Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/02/19/1051588449_0:30:1601:934_1920x0_80_0_0_d5e959783722891bf1d86f8a7d289a8a.jpg)
© Фото / пресс-служба МИД КР
Жазылуу
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча пикир алмашты.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
© Фото / пресс-служба МИД КРБүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту
![Бүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту Бүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/19/1051588454_0:0:1601:1006_600x0_80_0_0_5064cd6d854c9d6d41a6d2acb9dcbef0.jpg)
1/2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Бүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту
© Фото / пресс-служба МИД КРБул тууралуу ТИМден билдиришти
![Бул тууралуу ТИМден билдиришти Бул тууралуу ТИМден билдиришти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/19/1051588444_0:0:1600:1006_600x0_80_0_0_2ddb2b010beb49c72723fefeed3fe13a.jpg)
2/2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Бул тууралуу ТИМден билдиришти
1/2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Бүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту
2/2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Бул тууралуу ТИМден билдиришти
Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюшкан:
- КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандагы идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо системасын түзүү максатында Россия тарабынан Кыргызстанга кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
- КР Коргоо министрлиги менен РФ Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргызстандын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу жөнүндө протокол;
- КР менен РФтин 2021-2025-жылдарга карата коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосундагы аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;
- КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен РФ Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму.