https://sputnik.kg/20210223/ayal-aryktoo-dietolog-1051551913.html
40тан ашкан аялдар кантип арыктаса болот? Диетологдун кеңеши
40тан ашкан аялдар кантип арыктаса болот? Диетологдун кеңеши
Sputnik Кыргызстан
Диетолог жети сааттан көп уктабай, таза абага көп чыгып, сууну көп ичүү зарыл экенин белгилеген. Анткени суу шлак менен токсиндерди чыгарат. 23.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-23T10:26+0600
2021-02-23T10:26+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
аял
арыктоо
организм
салмак
диетолог
https://sputnik.kg/img/07e5/02/16/1051551932_0:79:1024:655_1920x0_80_0_0_75715242471c7ccefb2c875df9147b36.jpg
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ашыкча салмактан тезирээк арылуу үчүн аялдар катаал диетага отуруп алат. Мындай кадам туура эмес, анткени бул учурда организм катуу стресске кабылып, ден соолук жабыркай турганын диетолог Елена Календин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.Диетолог белгилегендей, 30 жаштан кийин адамдардын организминде зат алмашуу жайлайт. Аял кантип толуп кеткенин билбей калат жана оңой менен арыктай албайт. Ал үчүн биринчи кезекте адамдар тамактануу рационун карап чыгышы керек.Адис майлуу кычкылдарга бай омега-3 кошулган азыктарды көп колдонууну да сунуштаган. Майлуу балык, брокколи, түстүү капуста, жаңгактын түрү, авокадо метаболизмди калыбына келтирип, ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртат. Ошондой эле холестеринди бөлүп чыгарууга да жардам берет."Ачка болбогула! Аял тамактан баш тартканда организмин стресске алып келет. Ачка болгондо калорий эрибей эле кайра топтолот. Катаал диета жана ачкачылык ашказандын ишин начарлатат", — деген адис.Диетолог жети сааттан көп уктабай, таза абага көп чыгып, сууну көп ичүү зарыл экенин белгилеген. Анткени суу шлак менен токсиндерди чыгарат.
https://sputnik.kg/20210214/adis-zayanduu-degen-dietalar-tuurasynda-eskertti-1051445940.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/16/1051551932_66:0:977:683_1920x0_80_0_0_452c1f8839c4b9f75df4619bc543d56b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, аял, арыктоо, организм, салмак, диетолог
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, аял, арыктоо, организм, салмак, диетолог
40тан ашкан аялдар кантип арыктаса болот? Диетологдун кеңеши
10:26 23.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Диетолог жети сааттан көп уктабай, таза абага көп чыгып, сууну көп ичүү зарыл экенин белгилеген. Анткени суу шлак менен токсиндерди чыгарат.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ашыкча салмактан тезирээк арылуу үчүн аялдар катаал диетага отуруп алат. Мындай кадам туура эмес, анткени бул учурда организм катуу стресске кабылып, ден соолук жабыркай турганын диетолог Елена Календин айтымына таянып
РИА Новости кабарлады.
Диетолог белгилегендей, 30 жаштан кийин адамдардын организминде зат алмашуу жайлайт. Аял кантип толуп кеткенин билбей калат жана оңой менен арыктай албайт. Ал үчүн биринчи кезекте адамдар тамактануу рационун карап чыгышы керек.
"40ка чамалап калганда гормоналдык фон өзгөрүп, организмге мурдагыдай энергия талап кылынбай калат. Аял калорий топтойт, бирок аны мурдагыдай кетире албай калат дагы салмак кошо берет. Мындан улам рационго жашылча-жемиш, акшактын түрү жана башка углеводдорду кошуу керек", — деп жазган Кален.
14 Бирдин айы 2021, 09:58
Адис майлуу кычкылдарга бай омега-3 кошулган азыктарды көп колдонууну да сунуштаган. Майлуу балык, брокколи, түстүү капуста, жаңгактын түрү, авокадо метаболизмди калыбына келтирип, ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртат. Ошондой эле холестеринди бөлүп чыгарууга да жардам берет.
"Ачка болбогула! Аял тамактан баш тартканда организмин стресске алып келет. Ачка болгондо калорий эрибей эле кайра топтолот. Катаал диета жана ачкачылык ашказандын ишин начарлатат", — деген адис.
Диетолог жети сааттан көп уктабай, таза абага көп чыгып, сууну көп ичүү зарыл экенин белгилеген. Анткени суу шлак менен токсиндерди чыгарат.