https://sputnik.kg/20210222/meksika-futbol-bosh-darbaza-tebilgen-top-bettesh-kalys-1051544391.html
Айласыздан алакан жайып. Калыстын тебилген топту кокусунан тосуп калган видеосу
Айласыздан алакан жайып. Калыстын тебилген топту кокусунан тосуп калган видеосу
Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча Мексиканын чемпионатында беттешке калыс болуп жаткан киши бош дарбазага тебилген топту кокустан тосуп калган учуру катталды. 22.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-22T12:11+0600
2021-02-22T12:11+0600
2021-12-16T13:58+0600
дүйнөдө
спорт
видео
мультимедиа
футбол
мексика
арбитр
калыс
топ
https://sputnik.kg/img/07e5/02/16/1051544414_0:-1:1274:720_1920x0_80_0_0_696433bfd17f80943d341aadd0ddccf0.jpg
Бул тууралуу кабарды Eurosport жазып, видеосун чыгарды.Талаа ээлери 2:0 эсебинде утуп жатып кезектеги чабуулда тебилген топ дарбаза мамысына тийип кайтат. Аны экинчи чабуулчу бош калган дарбазага багыттаган. Видеодон бул учурда беттештин калысы ортодон чуркап өтө калганда топ анын бутуна тийип сыртка чыгып кеткенин көрүүгө болот.Кадрдан бул окуяга же ачууланарын же таңгаларын билбей, кирбей калган голу үчүн айласыздан алакан жайып, калысты тегеректеп жүргөн оюнчуларды көрүүгө болот.Беттеште коноктор эсепти 2:2ге айланткан. Деген менен талаа ээлери 63-мүнөттө топ киргизип 3:2 эсебинде уткан."Крус Асуль" чемпионатта 15 упай менен экинчи сапта келе жатат. Ал эми "Толука" 13-катарда. Мелдеште 16 упай топтогон "Америка" командасы көч баштап келүүдө.
https://sputnik.kg/20210202/futbolchu-oroy-oyun-chettetuu-video-1051309863.html
мексика
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/16/1051544414_50:-1:1196:720_1920x0_80_0_0_c4d64c4e9bd9cd77e267c82b2c2c29d0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, спорт, видео, мультимедиа, футбол, мексика, арбитр, калыс, топ
дүйнөдө, спорт, видео, мультимедиа, футбол, мексика, арбитр, калыс, топ
Айласыздан алакан жайып. Калыстын тебилген топту кокусунан тосуп калган видеосу
12:11 22.02.2021 (Жаңыртылды: 13:58 16.12.2021) Футбол боюнча Мексиканын чемпионатында беттешке калыс болуп жаткан киши бош дарбазага тебилген топту кокустан тосуп калган учуру катталды.
Бул тууралуу кабарды
Eurosport жазып, видеосун чыгарды.
Талаа ээлери 2:0 эсебинде утуп жатып кезектеги чабуулда тебилген топ дарбаза мамысына тийип кайтат. Аны экинчи чабуулчу бош калган дарбазага багыттаган. Видеодон бул учурда беттештин калысы ортодон чуркап өтө калганда топ анын бутуна тийип сыртка чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Кадрдан бул окуяга же ачууланарын же таңгаларын билбей, кирбей калган голу үчүн айласыздан алакан жайып, калысты тегеректеп жүргөн оюнчуларды көрүүгө болот.
"Крус Асуль" футболчуларынын нааразы болгонуна карабай арбитр бул талаштуу учурду голго эсептей алган эмес. Эрежеге ылайык, эгер беттештин калысына топ тийип, ал учур оюндун жүрүшүнө таасир бере турган болсо, анда ал чабуулдагы командага стандарттык абалдан эркин ойноо мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү болот.
Беттеште коноктор эсепти 2:2ге айланткан. Деген менен талаа ээлери 63-мүнөттө топ киргизип 3:2 эсебинде уткан.
"Крус Асуль" чемпионатта 15 упай менен экинчи сапта келе жатат. Ал эми "Толука" 13-катарда. Мелдеште 16 упай топтогон "Америка" командасы көч баштап келүүдө.