00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Трайбализмди жок кылабыз. Марипов акимдерди ротациялап, аттестациядан өткөрөт

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов. Архив
Премьер-министр Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Өкмөт мамлекеттик кызматта түндүк-түштүк деген түшүнүктөн арылуу жана кландык ооруну түп-тамырынан бери жок кылуу максатын көздөп жатат.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жакынкы күндөрү район акимдери жана орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда маалымдады.
Ал президент Садыр Жапаровдун башкы тапшырмасы кадрларды тандоо системасын жана практикасын кардиналдуу өзгөртүү экенин белгилейт.
Муну ишке ашыруу үчүн биринчи этапта системалуу түрдө бардык райондук акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Аны менен катар акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилет.
Бул иштердин башкы максаты:
  • элдин ынтымагын бекемдөө;
  • мамлекеттик кызматта түндүк-түштүк деген түшүнүктөн арылуу;
  • кадрдык трайбализм, кландык ооруну түп-тамырынан бери жок кылуу;
  • "тааныш-билиштердин" мамлекеттик башкаруу кызматтарына келишин токтотуу;
  • жеке кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, айрыкча инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы келишпестиктерди болтурбоо;
  • системага айланган коррупциялык схемаларды жок кылуу.
"Муну менен биз жер-жерлердеги жетекчилерди натыйжалуу жана сапаттуу иштегенге түрткү беребиз. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, биз бир ууч эле элбиз. Бизге бекем ынтымак гана керек! Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шартта өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда болот", — деди Марипов.
Ошондой эле ал учурда аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүп жатканын айтты. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү региондон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет.
Премьер-министр Улукбек Марипов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Марипов: бизнесмендер менен күнү-түнү байланышууга даярмын. Сүрөт
Ротациялоо практикасы укук коргоо органдарынын ишинде активдүү колдонулуп келет. Мындай аракет райондук эле эмес, республикалык масштабдагы адистердин калыптанышында жакшы натыйжаларды берүүдө.
"Мындай кадам өлкө саясатын ишке ашырууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу кадрлардын күчтүү резервин түптөөдө негизги өзөктөрдүн бири болот. Бул чечимдерибиз эл тарабынан туура кабылданып, колдоо табат деп ишенемин. Мен өз өлкөмдүн патриот уулу жана премьер-министри катары аймактарга өз ишин мыкты билген профессионалдардын келишине абдан кызыкдармын! Биз күчтүү Кыргызстанды бирге курабыз деп бекем ишенем!" — деп кайрылды өкмөт башчы.
Ошону менен бирге аттестациядан ийгиликтүү өткөн мамлекеттик администрация башчылары жана орун басарлары карьералык тепкич боюнча көтөрүүгө негизги талапкерлердин бири катары каралат.
Жаңылыктар түрмөгү
0