https://sputnik.kg/20210212/formula-1-pilot-alonso-velosiped-kyrsyk-1051437677.html
"Формула-1" жарышынын чебери Алонсо велосипед тээп баратып кырсыкка кабылды
"Формула-1" жарышынын чебери Алонсо велосипед тээп баратып кырсыкка кабылды
Sputnik Кыргызстан
39 жаштагы пилот үч жылдык тыныгуудан соң быйыл жарышка кайра келгени жаткан. Бул сезондо ал "Альпин" командасынын желегинин астында чыкмак. 12.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-12T18:43+0600
2021-02-12T18:43+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
спорт
кырсык
жаракат
велосипед
формула-1
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051437643_0:0:3187:1802_1920x0_80_0_0_837418727549da8a3e791af35d4e2d3a.jpg
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. "Формула-1" автожарышынын чебери, эки жолку дүйнө чемпиону Фернандо Алонсону унаа коюп кетип жаагы сынды. Бул тууралуу маалыматты Gazzetta dello Sport маалымат булагына таянып eurosport жазды.Шамалдан озгон унааны айдаган пилот кырсыкка велосипед менен бара жатып учураганын "Альпин" командасынын маалымат кызматы билдирген.Алонсонун абалы боюнча акыркы медициналык кароо бүгүн, 12-февралда, болору белгиленет.39 жаштагы пилот үч жылдык тыныгуудан соң быйыл жарышка кайра келгени жаткан. Бул сезондо ал "Альпин" командасынын желегинин астында чыкмак.Испаниялык спортчу Фернандо Алонсо "Формула-1" автожарышы боюнча эки жолку (2005, 2006) дүйнө чемпиону болуп саналат. Бул титулдарга ал "Рено" командасынын курамында жүрүп жетишкен. Пилот 2001-жылдан 2018-жылга чейин жарышка катышып, "Минарди", "Макларен" жана "Феррари" командаларынын намысын коргогон."Формула-1" жарышынын быйылкы мелдештери мартта Бахрейнде башталат.
https://sputnik.kg/20210203/finlyandiya-sportchu-kyz-lyzha-zharysh-syngan-butu-mara-1051315398.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051437643_0:0:3187:2004_1920x0_80_0_0_cf26bf9d86da3626bd88cd0f6f5682a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, кырсык, жаракат, велосипед, формула-1
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, кырсык, жаракат, велосипед, формула-1
"Формула-1" жарышынын чебери Алонсо велосипед тээп баратып кырсыкка кабылды
18:43 12.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) 39 жаштагы пилот үч жылдык тыныгуудан соң быйыл жарышка кайра келгени жаткан. Бул сезондо ал "Альпин" командасынын желегинин астында чыкмак.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. "Формула-1" автожарышынын чебери, эки жолку дүйнө чемпиону Фернандо Алонсону унаа коюп кетип жаагы сынды. Бул тууралуу маалыматты
Gazzetta dello Sport маалымат булагына таянып eurosport жазды.
Шамалдан озгон унааны айдаган пилот кырсыкка велосипед менен бара жатып учураганын "Альпин" командасынын маалымат кызматы билдирген.
"Алгачкы медициналык кароодо анын жаагы сынып, бир тиши түшкөнү маалым болгон. Жакында башталуучу жарыштын алгачкы мелдештерине катышпай калышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Алонсонун абалы боюнча акыркы медициналык кароо бүгүн, 12-февралда, болору белгиленет.
39 жаштагы пилот үч жылдык тыныгуудан соң быйыл жарышка кайра келгени жаткан. Бул сезондо ал "Альпин" командасынын желегинин астында чыкмак.
Испаниялык спортчу Фернандо Алонсо "Формула-1" автожарышы боюнча эки жолку (2005, 2006) дүйнө чемпиону болуп саналат. Бул титулдарга ал "Рено" командасынын курамында жүрүп жетишкен. Пилот 2001-жылдан 2018-жылга чейин жарышка катышып, "Минарди", "Макларен" жана "Феррари" командаларынын намысын коргогон.
"Формула-1" жарышынын быйылкы мелдештери мартта Бахрейнде башталат.