Жаңы премьер-министр эртең Казакстанга барат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов
Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Улукбек Марипов премьер-министр катары биринчи жумушчу сапарын Казакстанга жасайт. Өкмөт башчы бир нече кесиптеши менен жолугат.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Алматыда өтө турган кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, иш-чара 5-февралда өтөт. 
Жыйында бир катар маселелер талкууланат. Армения, Беларусь, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын премьерлери менен жолугушуу күтүлүүдө.
Марипов Almaty Digital Forum 2021 форумунун ишине дагы катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0