"Караколдо" лыжадан көз жумган казакстандык баланын апасы: жүрөгүм тилинип турат...

© Фото / предоставлено Мадиной Исламовой"Каракол" лыжа базасында 13 жаштагы көз жумган Санжар
Каракол лыжа базасында 13 жаштагы көз жумган Санжар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Ушул жылдын 12-январында "Каракол" лыжа базасында казакстандык өспүрүм кырсыктан улам каза болгон. Маалыматтар боюнча, бала тоодон ылдый түшүп келе жатып карагайга урунган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы көз жумган 13 жаштагы Санжардын апасы Мадина Исламова менен бирге уулун эскерүү иретинде маектешти.
— Орду толгус жоготуу... Кайрат кылыңыз. Бизге Санжар тууралуу айтып бересизби?
— Санжар өзү көп сүйлөбөгөнү менен адам менен бат тил табыша алган жайдары, жаркылдаган бала болчу. Дайыма позитивдүү идеяларды колдоп тургандыктан чөйрөсү да жалаң алдыга умтулган адамдар менен курчалган эле. Балам ушунчалык жоопкерчиликтүү болчу. Ал үйдө мага жардамдашканга да жетишип, кээде тамак жасап, бөбөгүн да карап турчу. Жүз пайыз ишене алчумун.
© Фото / предоставлено Мадиной ИсламовойМадина Исламова: Санжар өзү көп сүйлөбөгөнү менен адам менен бат тил табыша алган жайдары, жаркылдаган бала болчу
Семья Мадины Исламовой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мадина Исламова: Санжар өзү көп сүйлөбөгөнү менен адам менен бат тил табыша алган жайдары, жаркылдаган бала болчу
— Эмнеге кызыкчу, кандай таланты бар эле?
— Ал кичинесинен эле өзүн өнүктүрүү менен алек болду. Бала бакчадан эле элге таанылып, башкалардан өзгөчөлөнүп турганды жакшы көрчү. Экөөбүз бири-бирибизди айттырбай түшүнүп турар элек, чыгармачылык табитибиз да бир болчу. Шаардагы М-Арт деген студияны өзү эле таап алып, ал жактын жамааты менен да бат тил табышып кетти. Анын аркасы менен сууда сүзүү, шахмат, дзюдо, компьютер жана казак тилин үйрөнүүдөн тышкары, жеке өзү үчүн скрипкада ойногонду да өздөштүрүп жаткан.
© Фото / предоставлено Мадиной ИсламовойМадина Исламова: Ал кичинесинен эле өзүн өнүктүрүү менен алек болду. Бала бакчадан эле элге таанылып, башкалардан өзгөчөлөнүп турганды жакшы көрчү
Семья Мадины Исламовой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мадина Исламова: Ал кичинесинен эле өзүн өнүктүрүү менен алек болду. Бала бакчадан эле элге таанылып, башкалардан өзгөчөлөнүп турганды жакшы көрчү
— Келечектеги кыялдары менен да бөлүшсө керек?
— Ал Нур-Султан шаарында 8-класста окуп жаткан. Келечекте IT тармагындагы адис болорун айтып, сайттарды кайрадан иштеп чыкканды, компьютерде оюн ойлоп табууну жакшы көрчү. Ушул жайда Кыргызстанга келип, чоң атасынын компьютерлерин оңдоп берүүнү көздөп жаткан. Жаңы технология жаатында сыйлыктары жана сертификаттары абдан көп. Кыргызстанга келер алдында эле Казакстанда өткөн республикалык олимпиадада информатика сабагы боюнча 2-орунду алган. Достору менен Skolkovo (Сколково инновациялык борбору – Москвадагы заманбап илимий-техникалык инновациялык комплекс) же IT тармагы өнүккөн Силикон өрөөнүндө окууну кыялданчу. Алдыга койгон максаттарына, кыялдарына чек жок эле. Анын баары эми эч качан орундалбай турганын ойлосом жанымды коёрго жер таппай кетем...
— Санжардан бөлөк канча балаңыз бар?
— Ал эки кыздын ортосундагы жалгыз уул эле. Бир туугандарына карамдуу ага жана ини болду. Кичүү кызым алты жаштагы Насибаны көтөрүп, кичинесинен жакын өстү. Аябай эркелетчү. Ал эми эжеси Сабина менен үй тапшырмаларды бирге аткарып, мектепке да чогуу барышчу. Санжар 2007-жылы 31-январда туулган. 14 жашка чыгарына 19 күн калганда каргашалуу кырсык басып, туулган күнүнө жетпей калбадыбы... Ушундай жаркылдаган балам бар эле...
© Фото / предоставлено Мадиной ИсламовойСанжар эки кыздын ортосундагы жалгыз уул эле
Семья Мадины Исламовой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Санжар эки кыздын ортосундагы жалгыз уул эле
— Кырсык кандайча болуп отурат?
— Балдардын каникулунда Казакстандан Токмоктогу ата-энемдикине эс алганы келгенбиз. Ал келе жатканда туугандарына жолугарын эстеп, абдан сүйүнгөн. Кыргызстанга келгенде Санжар таякесинин үй-бүлөсү менен "Каракол" лыжа базасына эс алганы барып, ошол жактан каргашалуу окуяга кабылып калды. Кырсык кандайча болгонун күбөлөрдүн айтымында гана билем. Окуя кандай болгонун жазып жибергендер болду. Алардын баарын эстеп, айтып бере албайм, кырсыкты баяндоо мен үчүн өтө оор.
— "Каракол" лыжа базасында адамдын коопсуздугу үчүн кайрадан иреттеп, оңдой турган жерлери бар бекен?
— Бир аз чара көргөндөй болушту. Мен билгенден кырсык болгон жерди тосмо менен өзүнчө бөлүп, ал жакка эми жаш балдарды өткөрбөй калды көрүнөт. Бирок ушуну жасоого сөзсүз бирөө өлүшү керек беле? Мен Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери менен сүйлөшүп, мындай кырсыктарга жол бербөө үчүн алар тарабынан да чара көрүлүшүн сурангам. Болуп өткөн окуяга аталган лыжа базага ээлик кылгандар менен жетекчилеринин мамилеси мени капалантты. Алар бизден кечирим сурамак турсун, көңүл да айтып коюшкан жок. Кардарларына жасаган ушундай шалаакы мамилеси иренжитти. Бул бизнес экенин түшүнөм, бирок мындай мамиледен адамдар каза болуп же майып болуп калып жатпайбы. Мындай жоготуунун ордун эч кандай акча менен толтура албайсың да. Учурдан пайдаланып кайрат айткан жалпы кыргызстандыктарга жылуу сөз жана кайгыбызды тең бөлүшүп жазган билдирүүлөр үчүн ыраазычылык билдирем.
© Фото / предоставлено Мадиной ИсламовойМадина Исламованын уулу Санжар менен түшкөн акыркы сүрөтү
Семья Мадины Исламовой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мадина Исламованын уулу Санжар менен түшкөн акыркы сүрөтү
— Өзүңүздөр учурда Нур-Султан шаарында турасыздарбы?
— Ооба, жолдошум экөөбүз 20 жылдан бери Казакстанда жашайбыз. Балдарыбыз да Нур-Султанда төрөлгөн. Менин кесибим астролог, гештальт терапевт. Учурда астропсихолог болуп эмгектенүүдөмүн. Ошондой эле ар кандай түймөлөрдү токууну жакшы көргөндүктөн аны менен хобби катары алектенем. Ата-энелерибиз болсо Кыргызстанда турушат. Балам каза болгондон бери бул жакта болчубуз, бүгүн үйүбүздү карай жолго чыгып жатабыз.
— Кырсыктан кийин алгач ирет үйгө бара жатыпсыз, эне катары сизди түшүнүп турам...
— Суранам, учурдагы абалым, сезимдерим тууралуу сурабаңызчы. Жүрөгүм тилинип жатат...
Жаңылыктар түрмөгү
0