Мэр тамтыгы чыккан "Балыкчы" автобекетин мамлекетке кайтарууну сунуштады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба мэрии города БалыкчиСостояние автовокзала Балыкчи
Состояние автовокзала Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчысы автобекеттеги көптөгөн мүчүлүштүктөргө күбө болуп, адегенде эле ажаткананын тыңгылыктуу жасалбагандыгын мисал келтирди.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу калаадагы автобекет кароосуз калганын айтып, мамлекетке өткөрүп алуу сунушун киргизди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Мэр тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте "Балыкчы" автобекетинин иштөө шарты менен таанышып чыккан.
Ал жакта эл ташып иштеген айдоочулар менчикке өтүп кеткен автобекеттин такыр каралбай калгандыгын, жадагалса бир дагы таштанды салуучу челектин жоктугун айтышты. Мындан улам таштандылар туш келди жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле автоунааларын ыңгайлаштырып токтотууга эч бир шарт түзүлбөгөнүн билдиришти.
© Фото / пресс-служба мэрии города БалыкчиБалыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу калаадагы автобекет кароосуз калганын айтып, мамлекетке өткөрүп алуу сунушун киргизди.
Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу калаадагы автобекет кароосуз калганын айтып, мамлекетке өткөрүп алуу сунушун киргизди. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу калаадагы автобекет кароосуз калганын айтып, мамлекетке өткөрүп алуу сунушун киргизди.
© Фото / пресс-служба мэрии города БалыкчиМэр тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте "Балыкчы" автобекетинин иштөө шарты менен таанышып чыккан.
Мэр тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Балыкчы автобекетинин иштөө шарты менен таанышып чыккан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мэр тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте "Балыкчы" автобекетинин иштөө шарты менен таанышып чыккан.
© Фото / пресс-служба мэрии города БалыкчиАл жакта эл ташып иштеген айдоочулар менчикке өтүп кеткен автобекеттин такыр каралбай калгандыгын, жада калса бир дагы таштанды салуучу челектин жоктугун айтышты.
Ал жакта эл ташып иштеген айдоочулар менчикке өтүп кеткен автобекеттин такыр каралбай калгандыгын, жада калса бир дагы таштанды салуучу челектин жоктугун айтышты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал жакта эл ташып иштеген айдоочулар менчикке өтүп кеткен автобекеттин такыр каралбай калгандыгын, жада калса бир дагы таштанды салуучу челектин жоктугун айтышты.
1/3
Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу калаадагы автобекет кароосуз калганын айтып, мамлекетке өткөрүп алуу сунушун киргизди.
2/3
Мэр тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте "Балыкчы" автобекетинин иштөө шарты менен таанышып чыккан.
3/3
Ал жакта эл ташып иштеген айдоочулар менчикке өтүп кеткен автобекеттин такыр каралбай калгандыгын, жада калса бир дагы таштанды салуучу челектин жоктугун айтышты.
Шаар башчысы автобекетти кыдыруу учурунда көптөгөн мүчүлүштүктөргө күбө болуп, адегенде эле ажаткананын тыңгылыктуу жасалбагандыгын мисал келтирди.
"Автобекеттин ичи-сыртынан бери иретке келтирилип, оңдоп-түздөлүп, айланасы таза турушу керек. Күтүү залы да болушу зарыл. Ушундай көп жерлерди, ишканаларды менчиктеп алгандар жакшы иштетсин же болбосо мамлекетке өткөрүп беришсин", — деди мэр.
2007-жылы Мамлекеттик мүлк фонду автобекетти менчикке берүү боюнча аукцион өткөрүп, жыйынтыгында Сүйүнбек Байгорозов 2 073 000 сомго сатып алган. Учурда автобекеттин аянты 1,71 гектарды түзөт, анын ичине 30га чукул павильон коюлган.
Буга чейин Байгорозовго Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан автобекетти иретке келтирүү тууралуу эскертүү каттары жиберилсе дагы эч бир жыйынтык чыккан эмес.
Жетекчиси хан сарайлардын ээси. 4 ай маяна албаган жолчулар митингге чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жетекчиси хан сарайлардын ээси. 4 ай маяна албаган жолчулар митингге чыкты. Видео
Аймактык кабарчы Байгорозов менен байланышкан. Ал бекеттин айланасын көрктөндүрүүгө камынып жатканын билдирди.
"19-январь күнү мэр менен жолугуп макулдаштык, автобекеттин алдындагы павильондор алынат. Ошондой эле автобекетте косметикалык ремонт жасалат. Автобекеттин тегерегиндеги имараттар чоочун. Ары жакта, күн батыш тарабында устундары шаңырайып турган курулуштар башка бирөөнүкү, бери жакта аңырайып турган имарат да мага таандык эмес", — деди Байгорозов.
Ошондой эле ал 2016-жылы автобекетти жубайы Нуржамал Алаковага белек катары өткөрүп бергендиги маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0