https://sputnik.kg/20210116/tushtuk-afrikadagy-bosh-tamda-tartylgan-video-1051124441.html
Арстандар үйдү "ээлеп алганда". Түштүк Африкадан тартылган видео
Арстандар үйдү "ээлеп алганда". Түштүк Африкадан тартылган видео
Sputnik Кыргызстан
Түштүк Африканын Худспрут шаарында жашаган жубайлар Дэвид жана Маришка Де Бир туугандарынын бош турган үйүнө көз салып коюу үчүн келип, арстандардын үйүрүнө... 16.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-16T10:02+0600
2021-01-16T10:02+0600
2021-12-14T14:27+0600
коом
дүйнөдө
видео
мультимедиа
түштүк африка республикасы
арстан
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0f/1051124383_6:0:1280:720_1920x0_80_0_0_d0b5a152a4ad2e059437d22dff827df4.jpg
Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.Жырткычтар эшикти акырын ачып кирип келе жаткан кишини алгач байкаган эмес. Качан гана кыймылды сезип калганда үркүп кетип, жапырт тура калышкан. Жубайлардын айтымында, айланчыктаган арстандар алгач дароо эле кетип калган эмес.Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.
https://sputnik.kg/20210115/italiyada-anchylykka-chykkan-ayaldyn-videosu-1051114873.html
түштүк африка республикасы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0f/1051124383_92:0:1238:720_1920x0_80_0_0_c3f93940dea1ac71abdc2c6a68110dcb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, дүйнөдө, видео, мультимедиа, түштүк африка республикасы, арстан
коом, дүйнөдө, видео, мультимедиа, түштүк африка республикасы, арстан
Арстандар үйдү "ээлеп алганда". Түштүк Африкадан тартылган видео
10:02 16.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Түштүк Африканын Худспрут шаарында жашаган жубайлар Дэвид жана Маришка Де Бир туугандарынын бош турган үйүнө көз салып коюу үчүн келип, арстандардын үйүрүнө туш болгон.
Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.
Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.
Жырткычтар эшикти акырын ачып кирип келе жаткан кишини алгач байкаган эмес. Качан гана кыймылды сезип калганда үркүп кетип, жапырт тура калышкан. Жубайлардын айтымында, айланчыктаган арстандар алгач дароо эле кетип калган эмес.
Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.
Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.