Унааларын сатып жиберген... Бишкекте жарандарды алдап жүргөн адам кармалды

© Sputnik / Николай ХижнякУнаанын ачкычын кармап турган адам. Архив
Унаанын ачкычын кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып, жарандардын ишенимине кирген соң алдамчылык жол менен алардын мүлктөрүн жана ири суммадагы акчаларын алып качып кеткен.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин криминалдык милициясы алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, шектүү жарандардын унаасын ала туруп, ээлерине маалымдабай сатып жүргөн. 2019-жылы кымбат баалуу автоунаалардын ээлери жана унаа сатып алгандар дагы милицияга арыз менен кайрылышкан.
"Жабырлануучулар алдап кетти деп Канатбек аттуу бейтааныш адамга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Шектүү өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып, жарандардын ишенимине кирген соң алдамчылык жол менен алардын мүлктөрүн жана ири суммадагы акчаларын алып из жашырып жүргөн", — деп жазылат маалыматта.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
600 миң доллар пайда көргөн. Финпол алдамчылыкка шектелген адамды кармады
Шектүү 2019-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургунунун 13 миң долларлык Toyota Prius унаасын алдап алып, башка адамга 5 миң 700 долларга сатып жиберген.
2019-жылдын декабрында Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургунунун 12 миң долларлык Lexus RX 330 үлгүсүндөгү автоунаасын алып, башка адамга 7 миң долларга сатып жиберген.
2020-жылдын январында Бишкектеги базалардын биринен 1 миллион сомдук мандариндерди алдап алып качып кеткен.
Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Алдамчылык" беренеси менен катталып, ыкчам-иликтөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектелип мурда соттолгон А.К. атуу адам кармалып, эки айга камакка алынган.
Ички иштер министрлиги бул адамдан жабыркаган башка адамдарды дагы аныктоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө. 
Жаңылыктар түрмөгү
0