Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Чүйдө эки киши ажал тапкан жол кырсыктын видеосу

© Фото / пресс-службы УМВД по Псковской областиЖол кырсыктан кийин унаа тетиктери чачырап кеткен. Архив
Жол кырсыктан кийин унаа тетиктери чачырап кеткен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн түштөн кийин Токмокко жакын жерде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Чүй облусунда жол кырсыгынан эки киши каза таап, дагы бири ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Каргаша бүгүн саат 13:00дөр чамасында Бишкек — Торугарт унаа жолунун 73-чакырымында болгон.
"Болжолдуу маалыматтар боюнча, Mercedes Benz унаасынын айдоочусу Ысык-Көл тарапка бара жаткан. Ал рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, башка машина менен бет маңдай кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки киши көз жумуп, дагы бири жабыркады", — дешти милициядан.
Жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0