БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Чүйдүн Панфилов районунда милициянын көчмө пунктулары иштеп баштады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.Ички иштер министрлиги эки ички иштер бөлүмүнө атайын жабдылган кичи автобустарды өткөрүп берген.Көчмө милиция пунктунун ар биринде үчтөн көп кызматкер нөөмөттө болушат. Мобилдик кабылдама калкка укуктук жардам дагы көрсөтөт.
Милициянын көчмө пунктулары калкка укуктук жардам көрсөтөт. Алар арыз жана даттанууларга ыкчам түрдө көңүл бурушат.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Чүйдүн Панфилов районунда милициянын көчмө пунктулары иштеп баштады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Ички иштер министрлиги эки ички иштер бөлүмүнө атайын жабдылган кичи автобустарды өткөрүп берген.
Ички иштер министрлиги эки ички иштер бөлүмүнө атайын жабдылган кичи автобустарды өткөрүп берген.
"8-январдан тарта алар кылмышты алдын алуу боюнча иштерди жүргүзө баштады. Алардын аткара турган башкы милдети жарандардын арыз-даттанууларын өз убагында кароо болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Көчмө милиция пунктунун ар биринде үчтөн көп кызматкер нөөмөттө болушат. Мобилдик кабылдама калкка укуктук жардам дагы көрсөтөт.