https://sputnik.kg/20210108/shayloo-baykoochular-menen-zholugushuu-1051030083.html
Шайлоо: ЖК төрагасы жана ТИМ башчысы эл аралык байкоочулар менен жолукту
Шайлоо: ЖК төрагасы жана ТИМ башчысы эл аралык байкоочулар менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз бийлигинин жетекчилери шайлоого байкоо салуу үчүн келген миссиянын өкүлдөрүнө таза шайлоо өткөрүүгө ишендиришти. 08.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-08T21:55+0600
2021-01-08T21:55+0600
2021-12-15T22:48+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
байкоочу
миссия
шайлоо
референдум
жолугушуу
кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
https://sputnik.kg/img/07e5/01/08/1051029629_118:215:988:707_1920x0_80_0_0_0ea89fc48c24d69686cf00cc286a06d5.jpg
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары Жогорку Кеңештин төрагасы жана тышкы иштер министри менен жолукту.Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда Мамытов эл аралык стандарттарга шайкеш келген демократиялык шайлоону өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеген. Аны менен катар шайлоо маалында Кыргызстанда коомдук тартипти камсыздоого багытталган бардык чаралар көрүлөрүн айткан.Соңунда делегация башчылары Президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алуу тилегин билдиришкен.Жолугушууга КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору, Россия Думасынын депутаты Виктор Заварзин жана ЖККУ ПАнын байкоочулар миссиясынын координатору, Тажикстандын Оли Мажлисинин депутаты Рустам Шохмурад катышкан.Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЖККУ ПАнын байкоочуларына Кыргызстан инновациялык технологиялар менен шайлоо процессинин моделин ийгиликтүү ишке ашырган Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бири экенин белгилеген.Миссиянын мүчөлөрү өтө турган иш-чаралардын жыйынтыгында, мониторинг тобу коомчулукка көз карандысыз калыс маалымат берерин баса белгилешти.Ал эми КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушууда кыргыз бийлиги таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү менен гана көп улуттуу кыргыз элинин ишенимине ээ боло аларын айткан. Ошондой эле шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы боюнча эл аралык байкоочулардын объективдүү баа берүүсүнө ишеним арткан.Миссиянын координатору Виктор Заварзин шайлоо жана референдумдун даярдыгына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Миссиянын ишмердүүлүгү жана пландары жөнүндө маалымдаган. Ошону менен бирге Кыргызстанда таза демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө багытталган аракеттерге канааттануусун билдирди.Жолугушуунун аягында тараптар алдыдагы шайлоолор Кыргызстандын эл аралык имиджин чыңдоого чоң салым кошот деген ишенимин билдиришти.
https://sputnik.kg/20210108/kanday-ukuk-alary-belgisiz-prezident-shaylanat-1051025920.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/08/1051029629_0:28:1080:707_1920x0_80_0_0_90c6c8072218433f6eecf74cd2d86027.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, байкоочу, миссия, шайлоо, референдум, жолугушуу, кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, байкоочу, миссия, шайлоо, референдум, жолугушуу, кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Шайлоо: ЖК төрагасы жана ТИМ башчысы эл аралык байкоочулар менен жолукту
21:55 08.01.2021 (Жаңыртылды: 22:48 15.12.2021) Кыргыз бийлигинин жетекчилери шайлоого байкоо салуу үчүн келген миссиянын өкүлдөрүнө таза шайлоо өткөрүүгө ишендиришти.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары Жогорку Кеңештин төрагасы жана тышкы иштер министри менен жолукту.
Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда Мамытов эл аралык стандарттарга шайкеш келген демократиялык шайлоону өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеген. Аны менен катар шайлоо маалында Кыргызстанда коомдук тартипти камсыздоого багытталган бардык чаралар көрүлөрүн айткан.
Соңунда делегация башчылары Президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алуу тилегин билдиришкен.
Жолугушууга КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору, Россия Думасынын депутаты Виктор Заварзин жана ЖККУ ПАнын байкоочулар миссиясынын координатору, Тажикстандын Оли Мажлисинин депутаты Рустам Шохмурад катышкан.
Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЖККУ ПАнын байкоочуларына Кыргызстан инновациялык технологиялар менен шайлоо процессинин моделин ийгиликтүү ишке ашырган Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бири экенин белгилеген.
"Өткөөл мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык процесстерге колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Өлкө жетекчилиги тарабынан таза демократиялык шайлоо өткөрүүгө бардык күч-аракеттер көрүлүп жатат, атап айтканда жыйынтыктар бурмаланбайт. Кыргызстандын эли бийликтин бирден-бир булагы, ал өлкө кандай жол менен кетерин жана аны ким башкара тургандыгын чечет", — деди министр.
Миссиянын мүчөлөрү өтө турган иш-чаралардын жыйынтыгында, мониторинг тобу коомчулукка көз карандысыз калыс маалымат берерин баса белгилешти.
Ал эми КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушууда кыргыз бийлиги таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү менен гана көп улуттуу кыргыз элинин ишенимине ээ боло аларын айткан. Ошондой эле шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы боюнча эл аралык байкоочулардын объективдүү баа берүүсүнө ишеним арткан.
Миссиянын координатору Виктор Заварзин шайлоо жана референдумдун даярдыгына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Миссиянын ишмердүүлүгү жана пландары жөнүндө маалымдаган. Ошону менен бирге Кыргызстанда таза демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө багытталган аракеттерге канааттануусун билдирди.
Жолугушуунун аягында тараптар алдыдагы шайлоолор Кыргызстандын эл аралык имиджин чыңдоого чоң салым кошот деген ишенимин билдиришти.