Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте жалбырактардын үстүндөгү үшүк. Архив
Бишкекте жалбырактардын үстүндөгү үшүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-январга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. 9-январь, ишемби күнү, республика боюнча күн ачык болот. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…-5, Талас өрөөнүндө -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -2…+3, Ысык-Көл жергесинде -4…+1, Нарында -7…-12 градус болору болжолдонууда.
Бишкек жана Ош шаарларында кар жаабайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо 0…-2, Ошто +1…+3 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0