Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековСело Кашка-Суу в Аламудунском районе
Село Кашка-Суу в Аламудунском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-январга караган түнү республика боюнча жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Шейшемби, 5-январь күнү, өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында 0...-5, Ош, Жалал-Абад облустарында -2...+3, Баткен жергесинде -3...+2, Ысык-Көл өрөөнүндө -1...+4, ал эми Нарында -6...-11 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте -1...-3, ал эми Ошто +1...+3 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0