https://sputnik.kg/20210103/koronaviruska-karshy-emdoo-vaktsina-ters-kesepetter-1050982920.html
Инфекционист коронавируска каршы эмдөөнүн терс таасирин айтты
Инфекционист коронавируска каршы эмдөөнүн терс таасирин айтты
Sputnik Кыргызстан
COVID-19га каршы эмдөө учурунда бейтапта респиратордук вирустуу инфекциялардын (ОРВИ) белгилери жана өнөкөт оорулардын күчөп кеткен учуру болбошу керек. 03.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-03T15:41+0600
2021-01-03T15:41+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
коронавирус
вакцина
эмдөө
дүйнөгө жайылган коронавирус
"спутник v" вакцинасы
https://sputnik.kg/img/07e5/01/03/1050982888_0:0:3035:1715_1920x0_80_0_0_30624e4ac0bbe794642cfa2dd80e5e61.jpg
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Россиялык инфекционист Евгений Тимаков COVID-19 илдетине каршы эмдөөнүн терс таасирлери тууралуу эскерткенин РИА Новости жазды.Атап айтканда, COVID-19га каршы эмдөө учурунда бейтапта респиратордук вирустуу инфекциялардын (ОРВИ) белгилери жана өнөкөт оорулардын күчөп кеткен учуру болбошу керек.Адис вакцина сайгандан үч күн мурун жана андан кийин спирт ичимдиктерин ичпөөгө чакырды. Мындай учурда күчтүү тамак-аштан жана тез татым тамактардан этият болуп, эмдөөгө психологиялык жактан даярдануу керек.Жугуштуу оорулар боюнча адис аллергиялык реакцияларга жакын адамдарга эмдөөдөн бир күн мурун жана бир күн өткөндөн кийин антигистаминдик дарыларды ичүүнү сунуштайт. Дене табы көтөрүлүп кетүүчү адамдар эмдөөдөн кийин түн ичинде парацетамол таблеткасын ичсе болот.Мындан тышкары, вакцина алууга бир нече апта калганда коронавируска чалдыгып калбаш үчүн байланышты чектөө сунушталат.Россияда жарандарды коронавируска каршы эмдөө декабрь айында башталган. Азырынча бир гана Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен Россиянын түз инвестициялар фонду биргеликте иштеп чыккан "Спутник V" вакцинасы гана жеткиликтүү болуп жатат.Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Катталгандан кийинки изилдөөлөрдүн алкагында жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы боюнча маалыматтарды талдоодо ал 91,4 пайыз, ал эми оор учурларда жүз пайыз натыйжалуулугун көрсөткөн.Биринчи кезекте тобокел тобундагы адамдар эмделе баштаган. Алар: дарыгерлер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, кийинчерээк аларга көп функционалдуу борборлордун кызмактерлери, маданият тармагынын, соода жана кызмат көрсөтүү, транспорт, энергетика, өнөр жай жана ЖМК чөйрөсүнүн өкүлдөрү, курулуш комплексинин кызматкерлери, ыктыярчылар жана студенттер кошулган.Эмдөөнү 18 жашка чыккан адамдар, эгерде аларда өнөкөт оорулары жок болсо, акыркы отуз күн аралыгында башка эмдөө алган эмес болсо жана гриппке чалдыкпаса, алса болот. Боюнда бар же бала эмизген аялдарга эмдөө жасоого болбойт.
https://sputnik.kg/20201226/covid-19dan-oorup-ajykkan-onbu-zhe-ehmdoo-kerekpi-1050914619.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/03/1050982888_0:0:3035:1907_1920x0_80_0_0_4b4b6ccc1f7a734f2eddda3c2e13fdd6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, коронавирус, вакцина, эмдөө, дүйнөгө жайылган коронавирус , "спутник v" вакцинасы
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, коронавирус, вакцина, эмдөө, дүйнөгө жайылган коронавирус , "спутник v" вакцинасы
Инфекционист коронавируска каршы эмдөөнүн терс таасирин айтты
15:41 03.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) COVID-19га каршы эмдөө учурунда бейтапта респиратордук вирустуу инфекциялардын (ОРВИ) белгилери жана өнөкөт оорулардын күчөп кеткен учуру болбошу керек.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Россиялык инфекционист Евгений Тимаков COVID-19 илдетине каршы эмдөөнүн терс таасирлери тууралуу эскерткенин
РИА Новости жазды.
Атап айтканда, COVID-19га каршы эмдөө учурунда бейтапта респиратордук вирустуу инфекциялардын (ОРВИ) белгилери жана өнөкөт оорулардын күчөп кеткен учуру болбошу керек.
"Адамда грипптин кандайдыр бир белгилери, маселен, мурундан суу агып, жөтөлүп, абалы начарлаган учурлары болбошу керек", — деп баса белгилейт Тимаков.
Адис вакцина сайгандан үч күн мурун жана андан кийин спирт ичимдиктерин ичпөөгө чакырды. Мындай учурда күчтүү тамак-аштан жана тез татым тамактардан этият болуп, эмдөөгө психологиялык жактан даярдануу керек.
"Эгер бейтап катуу тынчсызданса, анын кан басымы көтөрүлүп кетиши ыктымал. Эмдөө учурунда сөзсүз түрдө адреналин жана стресс гормондору бөлүнүп чыгып, кан тамырларга кошумча таасир этет. Жыйынтыгында адамдын башы айланып, эс-учун жоготуп коюшу мүмкүн", — деди дарыгер.
Жугуштуу оорулар боюнча адис аллергиялык реакцияларга жакын адамдарга эмдөөдөн бир күн мурун жана бир күн өткөндөн кийин антигистаминдик дарыларды ичүүнү сунуштайт. Дене табы көтөрүлүп кетүүчү адамдар эмдөөдөн кийин түн ичинде парацетамол таблеткасын ичсе болот.
Мындан тышкары, вакцина алууга бир нече апта калганда коронавируска чалдыгып калбаш үчүн байланышты чектөө сунушталат.
26 Бештин айы 2020, 21:39
Россияда жарандарды коронавируска каршы эмдөө декабрь айында башталган. Азырынча бир гана Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен Россиянын түз инвестициялар фонду биргеликте иштеп чыккан "Спутник V" вакцинасы гана жеткиликтүү болуп жатат.
Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Катталгандан кийинки изилдөөлөрдүн алкагында жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы боюнча маалыматтарды талдоодо ал 91,4 пайыз, ал эми оор учурларда жүз пайыз натыйжалуулугун көрсөткөн.
Биринчи кезекте тобокел тобундагы адамдар эмделе баштаган. Алар: дарыгерлер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, кийинчерээк аларга көп функционалдуу борборлордун кызмактерлери, маданият тармагынын, соода жана кызмат көрсөтүү, транспорт, энергетика, өнөр жай жана ЖМК чөйрөсүнүн өкүлдөрү, курулуш комплексинин кызматкерлери, ыктыярчылар жана студенттер кошулган.
Эмдөөнү 18 жашка чыккан адамдар, эгерде аларда өнөкөт оорулары жок болсо, акыркы отуз күн аралыгында башка эмдөө алган эмес болсо жана гриппке чалдыкпаса, алса болот. Боюнда бар же бала эмизген аялдарга эмдөө жасоого болбойт.