Ташиев: чет өлкөлүк атайын кызматтар КРде чалгындоо иштерин активдүү жүргүзүүдө

© Фото / Pixabay / mhougeКиши терезенин жанында турат. Архив
Киши терезенин жанында турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК төрагасынын айтымында, атайын кызматтар мындай иштерди саясий-экономикалык, чек ара, этникалык, диний темаларды козутуп, коомдук пикирлерди манипуляция кылуу жолдору менен жасап жатышат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Чет мамлекеттердин атайын кызматтары Кыргызстанда чалгындоо иш-аракеттерин активдүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

"Чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары Кыргызстанда чалгындоо иштерин активдүү жүргүзүп жатканы аныкталды. Башка мамлекеттердин атайын кызматтарынын бул иш-аракеттери өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн жасалууда деген божомол бар", — деди Ташиев.

Анын айтымында, атайын кызматтар мындай иштерди саясий-экономикалык, чек ара, этникалык, диний темаларды козутуп, коомдук пикирлерди манипуляция кылуу жолдору менен жасап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0