БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Биринчи май райондук сотундагы жараянга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Анын сүрөтүн КСДП штабынын кызматкери Кундуз Ажибекова соцтармакка жүктөдү.
Атамбаевдин жанында Фарид Ниязов турганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Атамбаевдин ден соолугу начарлаганына байланыштуу сот отурумдары 2-декабрдан бери жылдырылып келген.