https://sputnik.kg/20201222/covid-kyrgyzstan-oorukana-kuruu-zhanylyk-1050858955.html
Министрлик COVID боюнча жагымдуу жаңылыктарды айтты. Тизме
Министрлик COVID боюнча жагымдуу жаңылыктарды айтты. Тизме
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жаңы ооруканалардын курулушу аяктап, коронавирусту аныктоочу мобилдик лаборатория алынганы маалым болду. 22.12.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-12-22T12:36+0600
2020-12-22T12:36+0600
2021-12-15T22:48+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/0c/1050024213_0:90:1080:698_1920x0_80_0_0_9dd1d24664d26a4aa6eb83a1b40d60e8.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/0c/1050024213_61:0:1021:720_1920x0_80_0_0_9b14fa92d188834a0b8ad97499dd7cae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, жаңылыктар, кыргызстан, кр саламаттык сактоо министрлиги, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
коом, жаңылыктар, кыргызстан, кр саламаттык сактоо министрлиги, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Министрлик COVID боюнча жагымдуу жаңылыктарды айтты. Тизме
12:36 22.12.2020 (Жаңыртылды: 22:48 15.12.2021) Өлкөдө жаңы ооруканалардын курулушу аяктап, коронавирусту аныктоочу мобилдик лаборатория алынганы маалым болду.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова Кыргызстандагы коронавирус боюнча кырдаал тууралуу жагымдуу жаңылыктар менен бөлүштү.
Акматова айткан маалыматтар:
- Өлкөнүн бардык аймагында коронавирус менен ооругандардын саны азайып, айыккандар көбөйүүдө;
- Ош шаарында 100 орундуу тез курулуучу контейнерлерден куралган жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, толук кандуу иштеп баштады;
- 25-декабрда Нарын облусунун Кочкор районунда дарылоо мекемеси ачылат, учурда анын курулушу 90 пайызга аяктады;
- Россиядан Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу мобилдик лаборатория алып келинди. Алар алыскы региондордо колдонулуп жатат;
- COVID-19 боюнча ыкчам долбоордун алкагында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 19 санитардык автоунаа алып берди;
- Мамлекеттик материалдык резерв саламаттык сактоону уюштуруу үчүн дары-дармек сатып алды.