БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Ирандын Instagram жылдызы Фатима Хишвандды абактан бошотушту. Бул тууралуу Mirror басылмасына таянып РИА Новости билдирди.
Эске салсак, ал социалдык тармакка атайын программа аркылуу ырайы бузулган сүрөтүн жүктөгөнү үчүн 10 жылга абакка кесилген.
Iranian 'Zombie Angelina Jolie' Instagram star ‘is jailed for a decade’ a year after she was arrested over social media activities https://t.co/8lG1X98Gbu
— Daily Mail Online (@MailOnline) December 12, 2020
2019-жылы октябрда Иран полициясы Instagram тармагында атагы чыккан Хишвандды дагы үч аял менен кармаган. Фатима Кудайга акаарат келтирген, зордук-зомбулукка үндөгөн, жаштарды коррупцияга чакырган деп айыпталган.
Маалым болгондой, Фатима абакта көп күн жаткан эмес. Анын үй-бүлөсү кызын күрөө төлөп чыгарып кетишкен.
Башында сот органы аны абактан бошотуудан баш тарткан, бирок ушундай эле айып тагылып, эркинен ажыратылган башкалар күрөө төлөп чыгып кетишкен.
Фатима учурда Тегеранга үй-бүлөсүнө кайтканы кошумчаланды.