Катышчулар барбы? Бишкекте өлкөнүн мыкты жаачылары аныкталат

Жазылуу
Турнирге чоңдор менен биргеликте кичи курактагы спортчулар да катыша алат. Мелдеш спорт сарайында эмес, мектептин оюн залында өткөрүлөт.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында жаа атуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш 19-декабрда "Билимкана АУЦА" мектебинин спорт залында өтөт.

Спорттук иш-чара жаа атууну өнүктүрүүгө, өспүрүмдөрдү жана жаштарды дени сак жашоого тартууга багытталган.

Турнирге төмөнкү категориядагылар катыша алат;

  • Чоңдор — 18 жаштан өйдө курактагы эркектер жана кыз-келиндер;
  • 2005-жылы туулган же андан кичирээк улан-кыздар;
  • Кадеттер MIX;
  • Ар кандай курактагы ышкыбоздор (спорт менен жаңы машыгып баштагандар).

Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0