00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Вода, переработка и экспорт — замминистра о трёх главных задачах кыргызского агросектора
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что могут сделать омбудсмены России и Кыргызстана если нарушены ваши права
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жаш таңдай – 2026” айтышы. Жаштардын төкмөлүк өнөргө кызыгуусу кандай деңгээлде?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
RU ID для въезда в РФ: кому и зачем нужно регистрироваться?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батыштан Чыгышка. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн Борбор Азия эмнеси менен кызык?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоону тездетүү макулдашылды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча жыйыны
Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар коронавирус пандемиясынын айынан жайлап калган өкмөттүк делегациялардын ишин жандандыруу зарылдыгын белгилешкен.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча ишти активдештирүүнү макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму болуп өткөн.

Тараптар коронавирус пандемиясынын айынан жайлап калган ишти жандандыруу зарылдыгын белгилешкен.

"Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Анын ичинде мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун алдыдагы иштери, ошондой эле ал жактагы жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Вице-премьер Максат Мамытканов Баткен облусуна барып, өзгөчө макамы бар чек ара аймактарындагы иштер менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Мамытканов Баткенде чек арада жашаган элдин турмушун көрүп келди
Делегация башчылары топографиялык жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган аймактардагы долбоордук линияны сүрөттөө боюнча ишти улантууну макулдашышкан.

Жыйынтыктоочу протоколго кол коюлуп, кийинки жолугушууну коңшу өлкөнүн аймагында өткөрмөй болушкан.

Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, өзбек тарапты премьер-министрдин кеңешчиси (премьер-министрдин рангында) Мехриддин Хайриддинов жетектеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0