Чүйдө 4 килограммдан ашык гашиш ташып бара жаткандар кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба СБНОН МВД КРЗадержание подозреваемых в незаконной перевозки наркотиков в Чуйской области
Задержание подозреваемых в незаконной перевозки наркотиков в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машинаны кароо жүргүзүүдө жүргүнчүнүн кол сумкасынан 21,58 грамм баңгизат, айдоочунун баштыгынан 9 даана таңгакталган каражат табылган.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Чүйдө автоунаада 4 килограммдан ашык баңгизат ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) кабарлады. 

© Фото / Пресс-служба СБНОН МВД КРЧүйдө автоунаада 4 килограммдан ашык баңгизат ташып бара жаткандар кармалды.
Чүйдө 4 килограммдан ашык гашиш ташып бара жаткандар кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө автоунаада 4 килограммдан ашык баңгизат ташып бара жаткандар кармалды.

Аталган кызматтын Чүй облусу боюнча башкармалыгы, Москва РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген фактыны аныкташып, шектүүлөрдү кармашкан.

Киши баңгизат кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция: соода борборунун ажатканасында баңгизат сайынып жаткан киши кармалды
КРдин Жазык кодексинин 267-беренеси менен жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Петровка айылынан Honda Fit үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын ичинде 22 жаштагы айдоочу менен 25 жаштагы жүргүнчү болгон.

Машинаны кароо жүргүзгөн учурда жүргүнчүгө таандык болгон кол сумкадан 21,58 грамм өзгөчө кендир жыты бар каражат табылган. Ал эми айдоочунун азык-түлүк салынган баштыгынын ичинен өзгөчө кендир жыты бар 9 даана таңгакталган каражат алынган. Соттук-химиялык изилдөө алар жалпы салмагы 4 килограмм 236 граммды түзгөн гашиш баңгизаты экенин аныктаган.

Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0