00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:57
2 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Атада төрт өмүрдү алган өрт. От жакмакчы болгон жигитке иш козголду

© Фото / Пресс-служба МЧС КРНовопокровка айылында болгон өрт
Новопокровка айылында болгон өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул боюнча Жазык кодексинин 135-беренесине ("Этиятсыздыктан адам өлтүрүү") ылайык иш козголуп, жигит кармалган. Экспертиза дайындалганы кошумчаланды.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ысык-Атанын Новопокровка айылына жакын сарайдан чыккан өрт боюнча иш козголду. Бул тууралуу Чүй ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, кечээ, 13-декабрда, түш ченде сарай өрттөнүп, анын кесепетинен 25 жаштагы келин менен 3, 4 жана 6 жашар эки эркек бала менен бир кыз көз жумган.

ШИИБдин маалыматы боюнча, каза болгон келин сарайда күйөөсү жана балдары менен турчу. Жубайлар ал жакта мал багып иштегени айтылды.

Кырсык болгон учурда сарайда аялдын эки баласы жана кошунасынын уулу бар эле.

"Өрткө чейин сарайдын ээси 21 жаштагы Т.А. аттуу жигитти жумушка алган. Кырсык болгон күнү 25 жаштагы келиндин суранычы менен ал мешке от жаккан. Бирок отту туура эмес тутандырып, жыйынтыгында сарай өрттөнүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Жазык кодексинин 135-беренесине ("Этиятсыздыктан адам өлтүрүү") ылайык иш козголуп, жигит кармалган. Экспертиза дайындалганы кошумчаланды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0