Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
11-декабрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. 11-декабрь, жума күнү, күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1…+4, Талас өрөөнүндө 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +2…+7, Ысык-Көлдө +1…+6 жана Нарында -1…-6 градусту түзөт.

Бишкек жана Ош шаарларында кар жаабайт. Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +3…+5 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0