UFC Дагестанда үлпөт тойдо мушташ чыгарган спортчуну уюмдан четтетти

© AFP / Douglas P. DeFelice / GETTY IMAGES NORTH AMERICA / Getty Images UFC промоушенинде беттешкен мушкер. Архив
UFC промоушенинде беттешкен мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер 2017-жылдан бери UFC промоушенинде беттештерге чыгып келет. Акыркы ирет ушул жылдын октябрь айында Абу-Дабиде өткөн мелдеште күч сынашкан.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. UFC уюму Дагестанда үлпөт тойдо мас болуп мушташкан спортчу Гаджимурад Антигулов менен келишимди бузду. Бул тууралуу BJ Penn спорттук жаңылыктар порталы жазды.

Чырлуу окуя 2-декабрда Дагестанда болгон. Жаңжалдын чыгышына Антигуловдун тойго алкоголдук ичимдик алып киргени себеп болгон. Спортчунун өзү да мас абалда экени айтылган. Башка столдорго арак-шарап коюлган эмес. Тойдогулар мушкерди ичимдикти алып салууга чакырган. Көп өтпөй мушкер коноктордун бирине тап берип, мындан улам массалык мушташ чыгып кеткен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 💥 UFC Fighter (@gadjimurad_antigulov)

33 жаштагы Гаджимурат Антигулов ММА спортунда 28 беттешке чыгып, анын 20сын уткан. Мушкер 2017-жылдан бери UFC промоушенинде беттештерге чыгып келет. Акыркы ирет ушул жылдын октябрь айында Абу-Дабиде өткөн мелдеште мекендеши Максим Гришинге жеңилип калган.

Порталдын маалыматына ылайык, промоушен АКШлык Мэтти Уиман, россиялык Сапарбек Сафаров, канадалык Коул Смит жана уругвайлык Эдуард Гарагорри менен кызматташууну токтоткон.

UFC президенти Дана Уайт мушкерлер тизмеси ыксыз кеңейип кеткенине байланыштуу уюмда тазалануу болорун буга чейин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0