00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
5 мин
Тема дня
Экономическое сотрудничество и новые школы — о чем говорили на кыргызско-российской межправкомиссии
10:05
33 мин
Тема дня
Что даст бизнесу послабление на ввоз товаров из Кыргызстана в Россию
10:39
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек кышкы жылытуу мезгилине канчалык даяр?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Оплата через QR и зонирование: как изменятся условия парковки авто в Бишкеке?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Көмүскө экономикага — жол жок! Президент салык чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему болят суставы и когда это опасно: беседа с ортопедом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жаштар арасында пиелонефрит оорусунун өсүшүнүн себептери
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как Международная школа студтуризма объединяет вузы от Кыргызстана до Индии
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Анара, Анарбек, Анаркан - ысымдар анардан арылууга жардам береби же дагы кандай элдик ишенимдер бар?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Армия без неуставщины: какие изменения готовит Минобороны Кыргызстана
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Энесинин батасы, жубайынын колдоосу менен Дүйшеев болгон акын
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Как борьба с энергодефицитом может ударить по бизнесу?
20:06
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жаштар арасында пиелонефрит оорусунун өсүшүнүн себептери
21:04
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Райым Матраимов АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине илинди

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРРайымбек Матраимов. Архив
Райымбек Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык финансы органынын сайтында мекенинде да ири коррупцияга шектелген Матраимовго карата күнөө коюлган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине илинди. Бул туурасында аталган сайтта жазылып турат.

9-декабрь — Коррупция менен күрөшүү боюнча эл аралык күн деп аталган бул датада Финансы министрлигинин чет жактагы активдерге көзөмөл кылуу башкармалыгы (OFAC) Азия, Африканын бир топ өлкөлөрүндө коррупцияга аралашкан кишилердин тизмесин жарыялады. Сайтта Матраимовго ачылган "санкциялык жеке баракчасы" да жүрөт.

Эмбарго адам укугун өтө катуу бузган жана коррупцияга илешкен деп күнөөлөнгөн адамдарга карата Магнитскийдин Глобалдуу мыйзамынын негизинде коюлуп келет.

Матраимов бажы системасынан 700 миллион долларды адалдап алууга катышкан деп күнөөлөнгөн. Анда Кыргызстандын чек арасынан анын калкалоосу алдында товарлардын эч тоскоолдуксуз өтүп турганы айтылган.

Мындан сырткары, Матраимов компаниялардан пара катары түшкөн акчаларды чогултуп жана бөлүштүрүп турган, Кыргызстандан курьерлер аркылуу накталай акчаларды алып чыгып кетүүгө көмөктөшкөн деп айтылат. АКШнын аталган уюму бажычы орун басар жетекчинин атын атаганда эле тартип коргоо органдары аларга тийген да, текшерген да эмес деп белгилейт.

"Мурдагы кызматын пайдаланып, ал өзү катышкан бажы схемасынын аркасынан жүз миллиондогон долларларды тапкан", — деген бүтүм чыгарган аталган америкалык финансылык орган.

Матраимов коррупцияга аралашкан, мамлекеттик мүлк менен активдерди менчиктеген, жеке пайдасы жана паракорлук үчүн башка бирөөнүн оокатын алып алган чет элдик катары белгиленген.
Бул санкциянын кесепети кандай болору билдирилген эмес.

УКМК 20-октябрда коррупцияга шектелген Райым Матраимовду кармагандыгы боюнча кабарлаган. Ал тергөө менен кызматташып, график менен (2020-жылдын ноябрь айынын соңуна чейин) 2 миллиард сомдук чыгымды төлөп бере тургандыгын айткан. Бирок айтылган мөөнөттө бул сумманы кайтарып бере алган жок. Матраимов азырынча 773 412 миң сом гана которду.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун кармалышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Райым Матраимов боюнча билдирүү таратты
УКМК тергөөнүн Бажы кызматында мурда иштеп кеткен жана азыр да иштеп жаткандардан топ түзүп алып, 2016-жылдан тарта тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөндөрдү калкалап, бул "кызматы үчүн" системалык түрдө акча алып тургандыгы боюнча далилдерди улам алып жатканын билдирген эле. Мында мамлекетке өтө ири зыян келгени айтылган.

УКМКдан бажыдагы коррупциялык схемага малынган азырынча 40 адам аныкталганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0