Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
8-декабрга караган түнү республиканын Таластан башка аймагында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү, 8-декабрда, күндүз өлкөнүн кээ бир райондорунда кар жаап, туман түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5, ал эми Нарын аймагында 0...-5 градус болору айтылды.

Борбор калаада жана Ошто түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаайт. Күндүн табы Бишкекте -1...-3, ал эми Ошто +3...+5 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0