https://sputnik.kg/20201207/rossiya-zhany-zhyl-dem-alysh-1050695775.html
Мамдума депутаты: жаңы жылдык эс алуу россиялыктардын ден соолугуна зыян
Мамдума депутаты: жаңы жылдык эс алуу россиялыктардын ден соолугуна зыян
Sputnik Кыргызстан
Депутат узакка созулган дем алыш күндөрү жаракат алган жарандар көбөйүп кетерин айтып, 31-декабрды эс алуу күнү катары жарыялоону сунуштаган. 07.12.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-12-07T12:13+0600
2020-12-07T12:13+0600
2021-12-16T22:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/07/1050695699_0:0:2751:1548_1920x0_80_0_0_d7957c7c025133d3b43d6df4b27f33d8.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/07/1050695699_16:0:2703:2015_1920x0_80_0_0_6f293bd6925e3864338fccbdb53887f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, россия, дүйнөдө, жаңы жыл
жаңылыктар, коом, россия, дүйнөдө, жаңы жыл
Мамдума депутаты: жаңы жылдык эс алуу россиялыктардын ден соолугуна зыян
12:13 07.12.2020 (Жаңыртылды: 22:27 16.12.2021) Депутат узакка созулган дем алыш күндөрү жаракат алган жарандар көбөйүп кетерин айтып, 31-декабрды эс алуу күнү катары жарыялоону сунуштаган.
БИШКЕК, 7-дек. – Sputnik. Узакка созулган жаңы жылдык эс алуулар россиялыктардын ден соолугуна жана экономикага терс таасирин тийгизет. Буга байланыштуу мындай дем алыштан толугу менен баш тартуу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Геннадий Онищенко билдиргенин РИА Новости жазды.
"Силер Склифосовский институтуна кайрылып көргүлө, алар январдын биринчи декадасы Тез жардам кызматы үчүн абдан оор мезгил экенин айтып беришет. Себеби ичимдекке уулангандар жана мас абалында жаракат алгандар көбөйөт. Эгер статистика кайсы бир учурда азайган болсо, демек, көптөр жаңы жылда чет өлкөгө чыгып кетишкен. Быйыл мындай болбойт", — деди Онищенко.
Депутат узакка созулган дем алыш күндөрү өлкө экономикасы үчүн дагы терс таасирин тийгизерин белгилеген.
"Дүйнө жүзү Жаңы жылды тоскондон кийин эле ишке кайтат. Биз болсо бир декада бою эс алып жатабыз. 31-декабрды дем алыш кылалы. Себеби бул күнү баары бир эч ким иштебейт. 90-жылдары адамдарга айлык төлөнбөй калган, ошондо эс алуулар узакка берилчү. Азыр мындай дем алыштардын кандай кажети бар?" – деди Онищенко.
Белгилей кетсек, өткөн жылы кыргызстандыктар 10-январга чейин эс алышкан. Быйыл болсо жаңы жылда үч күн катары менен эс алары белгилүү болду.