Буйтаган Физиев: UFC спортчунун беттеши боюнча элди кулагдар кылды. Видео

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүRыргызстандык спортчу Рафаэль Физиев. Архив
Rыргызстандык спортчу Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Бразилия мушкеринин кармашы ноябрдын аягына белгиленип, бирок атаандаштын бири ооруп калгандыктан мөөнөтү жылдырылган эле.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. UFC Russia кыргызстандык спортчу Рафаэль Физиевдин кармашына анонс берди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Анда "Матрица" фильминдеги башкы каарман Нео октон буйтап кеткен трюк көрсөтүлгөн. Бул ыкманы кыргызстандык мушкер 2017-жылкы турнирлердин биринде, андан кийин 2020-жылы июлда UFC Fight Island 2 учурунда жасаган.

 UFC мушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көтөргөн боюнча жерге бир чаап... Дана Уайтты таң калтырган нокауттун видеосу
Физиев бразилиялык Ренато Мойкано менен UFC Fight Night 184 турниринде Лаг-Вегаста 28-ноябрда беттешмек. Алардын жеңил салмактагы кармашы иш-чаранын башкы окуяларынын бири болмок эле. Бирок кыргызстандык спортчунун атаандашынан коронавирус табылгандыктан кармаш 12-декабрга жылдырылган.

Физиев акыркы беттешин июль айында UFC Fight Island 2 турниринин алкагында британиялык Марк Диакези менен өткөрүп, жеңип алган. Бул кармаш ошол кечтин эң таасирдүү кармашы деп аныкталып, кыргызстандык спортчу 50 миң долларлык бонуска ээ болгон эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0