Көк бөрү федерациясынын катчысы: коопсуз тай казан жасалды, жакында көрсөтөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 7-декабрда, кыргыздын улуттук көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине катталган күн. Буга карата аталган ат оюнунун улуттук федерациясы Instagram баракчасы аркылуу ата мекендик көк бөрү спортчуларын жана күйөрмандарды куттуктады.

Sputnik Кыргызстан көк бөрү оюну дүйнөлүк уюмга катталганы өлкөгө эмне бергени, оюндун баркы артып, дүйнөгө жайылып жатканы, Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбековду кепке тартты.

— Куватбек Усенканович, бүгүн Кыргызстан үчүн маанилүү күн. Федерация бул күнгө карата кандай иш-чара уюштурду?

— Учурдан пайдаланып, көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине катталган күнү менен улуттук федерациянын атынан ата мекендик көк бөрү спортчуларын жана күйөрмандарды куттуктап кетейин.

Пандемияга байланыштуу эч кандай иш-чара уюштурган жокпуз. Деген менен мыкты спортчуларды, федерациянын ишине салым кошкондорду, биз менен кызматташкан ЖМКларды куттуктадык.

© Фото / Каныкей НеренбергКөк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков
Көк бөрү федерациясынын катчысы: коопсуз тай казан жасалды, жакында көрсөтөбүз - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков

Улуттук оюнубуздун ЮНЕСКОго катталганы өтө маанилүү. Анткени көк бөрү оюну кыргыздын улуттук оюну экенин бүтүндөй дүйнө коомчулугу тааныды. Кыргызстанда Көк бөрү федерациясы түзүлүп, бул оюнду өнүктүрүү боюнча атайын пландын негизинде иштер жолго коюлган. Жогорку жана биринчи лига уюшулган, командалар түзүлүп, туруктуу мелдештер өткөрүлүп келет.

Федерация кошуна мамлекеттерге барып, жолдоштук беттештерди өткөрүп, тай казандын коопсуз экенин түшүндүрүп, оюн көрсөтүп келебиз. Европанын Германия, Франция жана Австралия мамлекеттериндеги кыргыздар, ошондой эле этникалык кыргыздар менен байланышып, расмий байланыштарды түзүү боюнча аракеттер көрүлүп келет. Мунун баары коронавирус пандемиясынан улам токтоп калды.

— ЮНЕСКОго катталгандан кийин көк бөрү оюнунун баркы канчалык артты деп ойлойсуз?

— Көк бөрү оюну дүйнөлүк уюмга расмий катталгандан кийин АКШнын ковбойлору менен байланыш түзүлүп, алардын Көчмөндөр оюнуна катышуусуна көмөк көрсөттүк. Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу өзү биздин федерацияга келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Биз АКШнын бир канча штаттарында Көк бөрү федерацияларын уюштурууну пландаштырганбыз. Ал үчүн АКШда жашаган, жарандыгын алган этникалык кыргыздарды бекитип берүү жактары сүйлөшүлгөн. Россиянын бир канча субъектилеринде федерациялар ачылган. Мунун өзү көк бөрү оюнунун баркы күн сайын артып жатканынан кабар берет.

© Фото / Каныкей НеренбергКуватбек Аскарбеков: Ушу тапта облустарда чемпионаттар өтүп жатат. Кечээ эле Чүй облусунун биринчилиги жыйынтыкталды. Эртең, 8-9-декабрда, Ысык-Көлдө башталат. Андан ары Ош облусуна өтүп, эстафета катары бүтүндөй республика боюнча өтөт. Максаты — улуттук курама команданы түзүү, мыкты аттарды тандоо.
Көк бөрү федерациясынын катчысы: коопсуз тай казан жасалды, жакында көрсөтөбүз - Sputnik Кыргызстан
Куватбек Аскарбеков: Ушу тапта облустарда чемпионаттар өтүп жатат. Кечээ эле Чүй облусунун биринчилиги жыйынтыкталды. Эртең, 8-9-декабрда, Ысык-Көлдө башталат. Андан ары Ош облусуна өтүп, эстафета катары бүтүндөй республика боюнча өтөт. Максаты — улуттук курама команданы түзүү, мыкты аттарды тандоо.

— Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы дүйнөдө эң мыкты команда болуп саналат. Буга Көчмөндөр оюнундагы жеңиштер толук далил. Ушул мыкты курамды, андагы аттарды келечекте алмаштыра турган татыктуу жаңы муун болобу? Федерация бул боюнча аракеттерди көрүп келсе керек...

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Арпачиев: IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү эки эреже менен ойнолушу мүмкүн
— 2021-жылы бизде 14 иш-чара белгиленген. Анын ичинде ири мелдештер бар. Россияда, Ташкентте, Тажикстандын Ходжент шаарында таймаштар, жолдоштук беттешүүлөр өтөт.

Ушу тапта облустарда чемпионаттар өтүп жатат. Кечээ эле Чүй облусунун биринчилиги жыйынтыкталды. Эртең, 8-9-декабрда, Ысык-Көлдө башталат. Андан ары Ош облусуна өтүп, эстафета катары бүтүндөй республика боюнча өтөт. Максаты — улуттук курама команданы түзүү, мыкты аттарды тандоо. Ушул жерден бир мисал келтирип кетейин. Таластын "Ынтымак" командасынын "Геркулес" деген аргымагы белгисиз ылаңдан улам өлүп калган. Бул таластык команда үчүн эле эмес, улуттук команда үчүн да жоготуу болду. Эми ушундай мыкты ат таап, мелдешке чейин тарбиялап үйрөтүү зарылдыгы турат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков: Түркияда оюнчулар менен бирге аттар да допинг текшерүүдөн өтөт. Буга карата биз жаңы ачылган Допингге каршы агенттик менен иштешип жатабыз.
Көк бөрү федерациясынын катчысы: коопсуз тай казан жасалды, жакында көрсөтөбүз - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков: Түркияда оюнчулар менен бирге аттар да допинг текшерүүдөн өтөт. Буга карата биз жаңы ачылган Допингге каршы агенттик менен иштешип жатабыз.

— Негизи биздин тай казанга көпчүлүгү каршы чыгып жатпайбы. Бул жаатта кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?

— Коопсуз тай казан жасалды, жакында коомчулукка алып чыгабыз.

— Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюнуна даярдыктар кандай болуп жатат?

— 23-ноябрда Түркияга расмий делегация кеткен. IV Көчмөндөр оюнунда көк бөрү кандай эреже менен өтөрү, дагы башка жагдайлар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Кийинки отурум 20-декабрга каралган. Кандай чечим чыгарын күтүп жатабыз.

Netflix снял фильм про кок-бору — трейлер - Sputnik Кыргызстан
Netflix көк бөрү жөнүндө фильм тартты. Трейлери
Даярдык маселеси боюнча айтсам, иш алга жылууда. Жакында эле Чолпон-Ата шаарында президенттин кубогу мелдешин өткөрдүк. Анда бардык санитардык эрежелер сакталып, оюндар күйөрмандарсыз өттү. Бул да даярдыктын бир бөлүгү болду. Оюнчулардын дарамети, аттардын абалы текшерилди. Негизи биздин атайын план бар. Ноорузда дагы ири мелдеш өтүп, анын жыйынтыгы менен мыкты оюнчулар менен мыкты аргымактар тандалат.

Түркияда оюнчулар менен бирге аттар да допинг текшерүүдөн өтөт. Буга карата биз жаңы ачылган Допингге каршы агенттик менен иштешип жатабыз.

Мындан сырткары, 2021-жылдын февраль айында көк бөрү боюнча калыстарды чогултуп, англис тилине окутабыз. Алар Түркиядагы оюндарды тейлешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0