Министрлик Бишкектин окуучуларынын каникулун узартуу сунушуна жооп берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү жана илим министрлигин имараты. Архив
Билим берүү жана илим министрлигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик билим берүү процесси базалык окуу планына ылайык программа боюнча аралыктан окутуу форматында жүргүзүлөрүн, ал үчүн атайын сааттар бөлүнгөнүн белгилейт.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын каникул убактысын узартуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко 14-декабрдан тарта Бишкектин окуучуларын дээрлик бир айлык каникулга таратууну сунуштаган. Депутат балдардын жана ата-энелердин эс алышы керектигин айткан.

Министрлик билим берүү процесси базалык окуу планына ылайык программа боюнча аралыктан окутуу форматында жүргүзүлөрүн, ал үчүн атайын сааттар бөлүнгөнүн белгилейт.

"Бул окуу сааттары окутуу процессинен алынбашы керек. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги мындай демилгени колдобойт", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева да окуучулар каникулга эрте таратылбай турганын билдирип, окуучулар буга чейин кабыл алынган график боюнча билим алышарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0