БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Азыркы №1 бортту алмаштыруу боюнча расмий көрсөтмө түшө элек, бирок ага карабай, ылайыктуу учак издөө жумуштары жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев
Анын айтымында, эгер агенттик расмий көрсөтмө алса, аны ишке ашыра алат.
"Азыркы №1 бортту алмаштыруу боюнча расмий көрсөтмө түшө элек, бирок ага карабай, ылайыктуу учак издөө жумуштары жүргүзүлгөн. Эгер расмий тапшырма бериле турган болсо, анда биз коопсуздук талаптарына туура келген алгылыктуу сунуштарды көрсөтө алабыз", — деди агенттиктин жетекчиси.
Эске салсак, Шаршеев Жарандык авиация агенттигине жетекчи болуп ноябрь айынын ортосунда келген. Бир нече жыл мурда ал аталган кызматта жетекчинин милдетин аткаруучу катары иштеп кеткен.