Эл аралап маалымат чогулткан Шамшиев. "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" сүрөттөр

Жазылуу
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев жараткан тасмалар азыркыга чейин Кыргызфильмдин алтын фондунда сакталып келет.

Белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморов менен айылдык келин - Sputnik Кыргызстан
Кеменин үстүндөгү той. "Кызыл алма" тасмасындагы эстен кеткис ирмемдер
Алардын бири өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын аракетин жана Кытайга апийим ташыган кыргыз аткезчилердин турмушун баяндаган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасы. Sputnik Кыргызстан агенттиги Шамшиевдин аталган фильминдеги архивдик ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти Болот Шамшиев 1970-жылы советтик жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шандын аткезчилери" романынын негизинде кезектеги тасмасын тартууга киришкен. Анда 29 жаштагы Шамшиев архивден тарыхый материалдарды чогултуп, 1920-жылдардагы жарандык согушка катышкан ардагерлер, карапайым эл менен маектешкен. Анын сценарийин Юрий Сокол жазып, фильмдеги кыргыз тилиндеги диалогдорду белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбеков иштеп чыккан.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ушул нерсе жүрөгүмдү өйүйт... Болот Шамшиевдин акыркы маеги. Аудио
Кинофильм негизинен Ысык-Көл облусунда тартылып, XX кылымдын 20-жылдарындагы жаңы Совет өкмөтүнүн саясатын жактаган жана ага нааразы болгон эки агымдын күрөшүн көрсөткөн. Тасмада Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Борис Химичев, Алиман Жанкорозова, Амина Өмүрзакова, латыш актриса Гунта Виркова, казакстандык Елүбай Умурзаков, Арстанбек Ирсалиев, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова, Абды Ибраимов, Ахмед Шамиев, Марклен Ибраев, Бакы Өмүркулов, Зуура Соронбаева, Мукан Рыскулбеков роль жараткан.

Тасманын расмий аталышы "Касиеттүү Ысык-Көл" болгон. Орусчага которулганда эл арасында "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген аталыш менен белгилүү болуп кеткен. 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

© Sputnik / Александр ФедоровБайзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен - Sputnik Кыргызстан
1/11
Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
© Sputnik / Александр Федоров"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
2/11
"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
© Sputnik / Александр ФедоровЖаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен - Sputnik Кыргызстан
3/11
Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
© Фото / Александр ФедоровАпийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев - Sputnik Кыргызстан
4/11
Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
© Sputnik / Александр ФедоровКаличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова - Sputnik Кыргызстан
5/11
Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
© Sputnik / Александр ФедоровОртодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар - Sputnik Кыргызстан
6/11
Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
© Sputnik / Александр ФедоровКинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган - Sputnik Кыргызстан
7/11
Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровСовет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар - Sputnik Кыргызстан
8/11
Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКарабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери - Sputnik Кыргызстан
9/11
Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
© Sputnik / Александр Федоров"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон - Sputnik Кыргызстан
10/11
"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүЧокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
11/11
Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0