БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бир суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Билдирмеге караганда, кечээтен бери Бишкек шаарында эки, Таласта эки бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Жалпысынан алганда оору 1 231 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта ооруканада 3 078 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 133 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Ооруканада жаткандардын абалы:
- 58 — канааттандырарлык абалда;
- 2030 — орточо оор;
- 857 — оор;
- 133 — өтө оор.
Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 720 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.