Чемпионка UFC Валентина Шевченко  - Sputnik Кыргызстан

Шевченко менен Майянын кармашы. UFC 255 мелдешинен онлайн-репортаж

Жазылуу
АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 255 турнири өтүп жатат. Анда кыргызстандык эже-сиңди Шевченколор биринчи жолу бир мелдешке катышууда.

Валентина Шевченко мелдештин негизги беттештеринин биринде эң жеңил салмакта төртүнчү ирет чемпиондук наамын коргоо үчүн октагонго чыгат. Анын атаандашы бразилиялык Женнифер Майя болмокчу.

Бүгүн буга чейинки беттеште Антонина Шевченко атаандашы бразилиялык Адриана Липскини техникалык нокаут менен утуп алды.

Учурда UFC 255 мелдеши кандай жүрүп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуз.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
11:51 22.11.2020
11:48 22.11.2020
11:40 22.11.2020

Раунддун аякташына эки мүнөттөй эле калды. Майянын бети жарылды. 

11:38 22.11.2020

Шевченко чыканагы менен бет тушка дагы бир сокку урду. Валя грушага иштеп жаткандай эле каршылашын ургулап жатат. 

11:37 22.11.2020

Адистер Шевченко 3:1 эсебинде алдыда экенин айтып жатышат. Учурда чечүүчү акыркы раунд башталды. 

11:36 22.11.2020

Төртүнчү бөлүктө Валентина толук артыкчылык кылды, туруп таймашта бир канча соккусу атаандашына тийди. Азыр эми акыркы, бешинчи раунд башталат. 

11:32 22.11.2020

Валентини соккунун артынан клинчке кирип, атаандашын дагы жерге жыгып алды. Шевченко Майяны башка-көзгө соккулап жатат. 

11:30 22.11.2020

Раунддун ягында Валентина дагы бир тэйкдаунга жыкты. Валентина колу менен дагы удаа-удаа сокку уруп, Майянын бет тушуна тийгизди.

11:25 22.11.2020

Велентина атаандашына бут менен, артынан колу мен бет тушуна сокку урду. Дароо тэйкдаунга жыкты.

11:23 22.11.2020

Калыстар азырынча эсеп бир-бир деп боолголоп жатышат.

11:22 22.11.2020

Женнифер Майя кыргызстандык мушкерди жерге жыгып алды, азырынча сокку ура албай жатат. Шевченко астында калса да атаандашына сокку урганга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

11:19 22.11.2020

Валентина экинчи раунд башталары менен атаандашын дагы тэйкдаунга жыгып алды. Мушкерлер кайра туруп, торго жөлөнгөн позицияда кармашып жатышат.

11:17 22.11.2020

Валентина раунддун акыркы секунддарында баш тушка дагы бир-эки сокку уруп жетишти.

11:16 22.11.2020

Шевченко астында жаткан атаандашынын ич жана баш жагына сокку уруп жатат.

11:15 22.11.2020

Женнифер азырынча коргонуу менен убара болуп турат, Валентина үстөмдүк кылып жатат. 

11:14 22.11.2020

Шевченко атаандашын биринчи эле кармашканда жерге жыгып алды. Учурда партерде кармаш жүрүп жатат.
Кыргызстандык мушкер кыз ыңгайлуу позицияны ээлеп алып, атаандашынын үстүндө жатып чабуулду пландап жатат. 

11:12 22.11.2020

Мушкерлер тааныштырылып, эрежелер эскертилип, кармаш башталды. 

11:09 22.11.2020
11:06 22.11.2020
11:03 22.11.2020

UFC уюмунун кыз-келиндер дивизионунунун эң жеңил салмактагы чемпиондук наамы үчүн беттеш башталганы жатат. Анда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук курун коргойт, ал эми ага бразилиялык Женнифер атаандаш болот. Адистер Женнифердин жеңишке болгон мүмкүнчүлүгү аз экенин айтышууда.

11:03 22.11.2020
10:53 22.11.2020

Учурда алардын беттеш алдындагы даярдыктарын, дене жибитип, сокку, алыш ыкмаларын кайталап даярданып жатышканын көрсөтүүдө.

10:52 22.11.2020

UFC уюмунун кыз-келиндер дивизионунун эң жеңил салмактагы чемпиондук наамы үчүн беттеш башталганы жатат. Анда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук курун коргойт, ал эми ага бразилиялык Женнифер атаандаш болот.

10:46 22.11.2020
10:40 22.11.2020

Шевченко ушуну менен чемпиондук титулун төртүнчү ирет коргойт. 

10:33 22.11.2020

Валентина Шевченко дагы бир беттештен кийин октагонго чыгат. Азыр болсо Майк Перри менен Тим Минс беттешип жатат. 

10:31 22.11.2020

Учурда Майк Перри менен Тим Минс беттешип жатат. Перри буту менен чырмап алып, муунтуу ыкмасын жасаганга аракет кылып жатат.

Бирок Перринин аракети натыйжа берген жок. Мушкерлер туруп мушташа башташты.

10:30 22.11.2020
10:21 22.11.2020

Бүгүн, 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко бразилиялык Адриана Липскини техникалык нокаут менен утуп алды.

 

10:20 22.11.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0