Садыр Жапаров эртең президенттик ыйгарым укуктарын тапшырат

© Sputnik / Табылды КадырбековВстреча и.о президента Кыргызстна Садыра Жапарова с дипломатическим корпусом
Встреча и.о президента Кыргызстна Садыра Жапарова с дипломатическим корпусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттикке талапкерлер 15-ноябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырышы керек.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров президенттик ыйгарым укуктарын эртең, 14-ноябрда, тапшырат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, Жапаров эртең менен ыйгарым укуктарын тапшырат. Андан соң саат 10:00дөр чамасында Борбордук шайлоо комиссиясына барып президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин берет. 

Буга чейин Жапаров президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин спикерине, ал эми өкмөт башчылык кызматты биринчи вице-премьер аткарып каларын айткан

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров 10-январга белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрга чейин ыйгарым укуктарын тапшыра турганын билдирген. Себеби президенттикке талапкерлер 15-ноябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0