Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннесс китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү

Жазылуу
Манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүндөн тарта узак убакыт манас айтып, Гиннесстин рекорддор китебине катталууга аракет кылууда.

Бүгүн, 12-ноябрда, Бишкекте азыркынын көрүнүктүү манасчысы Дөөлөт Сыдыковдун "Манас" эпосун узак мөөнөт - 12 саат айтууну баштады. Мындай окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги иш-чарадан сүрөт баян сунуш кылат.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Манастын эстелигинин жанына беш метр бийиктиктеги айнектен жасалган боз үй (атайын жай) жасалган. Манасчы ошол үйдүн ичинде отуруп эпосту айта баштады.

Сыдыков токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей, дээрлик 12 сааттан ашык убакытка чейин манас айтууга ниеттенүүдө.

 

© Sputnik / Табылды КадырбековУзак убакытка манас айтууга белсенип жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыковду жандаган маданият тармагынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтын көздөй келе жатышат
Узак убакытка манас айтууга белсенип жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыковду жандаган маданият тармагынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтын көздөй келе жатышат - Sputnik Кыргызстан
1/12
Узак убакытка манас айтууга белсенип жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыковду жандаган маданият тармагынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтын көздөй келе жатышат
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн Ардак кароол салттуу маршы менен бул иш-чараны коштоп келе жатат
Кыргызстандын желегин көтөргөн Ардак кароол салттуу маршы менен бул иш-чараны коштоп келе жатат - Sputnik Кыргызстан
2/12
Кыргызстандын желегин көтөргөн Ардак кароол салттуу маршы менен бул иш-чараны коштоп келе жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековДөөлөт Сыдыков атайын даярдалган манас айтуучу жайга чыкты. Анын жанында Кыргызстандын белгилүү инсандары, маданият кызматкерлери жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү турат.
Дөөлөт Сыдыков атайын даярдалган манас айтуучу жайга чыкты. Анын жанында Кыргызстандын белгилүү инсандары, маданият кызматкерлери жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү турат. - Sputnik Кыргызстан
3/12
Дөөлөт Сыдыков атайын даярдалган манас айтуучу жайга чыкты. Анын жанында Кыргызстандын белгилүү инсандары, маданият кызматкерлери жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү турат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эпосун 12 саат айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракеттенип жаткан Сыдыков адегенде Жараткандан ак жол тилеп жаткан чагы. Ага кыргыздын атактуу оор атлетчиси, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев бата берип жатат.
Манас эпосун 12 саат айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракеттенип жаткан Сыдыков адегенде Жараткандан ак жол тилеп жаткан чагы. Ага кыргыздын атактуу оор атлетчиси, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев бата берип жатат. - Sputnik Кыргызстан
4/12
"Манас" эпосун 12 саат айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракеттенип жаткан Сыдыков адегенде Жараткандан ак жол тилеп жаткан чагы. Ага кыргыздын атактуу оор атлетчиси, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев бата берип жатат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков "Ала-Тоо" аянты. Манас баатырдын эстелиги. Анын жанына курулган атайын жай. Сыдыков айнектен жасалган боз үйдүн ичинде манас айтып баштаган чагы.
 Ала-Тоо аянты. Манас баатырдын эстелиги. Анын жанына курулган атайын жай. Сыдыков айнектен жасалган боз үйдүн ичинде манас айтып баштаган чагы. - Sputnik Кыргызстан
5/12
"Ала-Тоо" аянты. Манас баатырдын эстелиги. Анын жанына курулган атайын жай. Сыдыков айнектен жасалган боз үйдүн ичинде манас айтып баштаган чагы.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйнек боз үйдө манас айтып жаткан манасчынын эргүүсүнүн ар бир ирмеми чоң таблодогу саатта эсептелип жатат
Айнек боз үйдө манас айтып жаткан манасчынын эргүүсүнүн ар бир ирмеми чоң таблодогу саатта эсептелип жатат - Sputnik Кыргызстан
6/12
Айнек боз үйдө манас айтып жаткан манасчынын эргүүсүнүн ар бир ирмеми чоң таблодогу саатта эсептелип жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековУзак убакытка манас айтуу башталар алдында... Манасчы Үмөт Дөөлөтовдун (Болот уулу) эргүүгө түшкөн чагы.
Узак убакытка манас айтуу башталар алдында... Манасчы Үмөт Дөөлөтовдун (Болот уулу) эргүүгө түшкөн чагы. - Sputnik Кыргызстан
7/12
Узак убакытка манас айтуу башталар алдында... Манасчы Үмөт Дөөлөтовдун (Болот уулу) эргүүгө түшкөн чагы.
© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Дөөлөт Сыдыков жана аны коштогондор. Тарыхта алгачкы ирет болуп жаткан чоң иш-чарага киришер алдындагы көрүнүш.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков жана аны коштогондор. Тарыхта алгачкы ирет болуп жаткан чоң иш-чарага киришер алдындагы көрүнүш. - Sputnik Кыргызстан
8/12
Манасчы Дөөлөт Сыдыков жана аны коштогондор. Тарыхта алгачкы ирет болуп жаткан чоң иш-чарага киришер алдындагы көрүнүш.
© Sputnik / Табылды КадырбековУзак убакытка манас айтып Гиннестин рекорддор китебине катталуу кадамы кыргыздын каада-салты менен башталды. Улуттук кийимчен ай чырайлуу кыз-келиндер нан, туз менен тосуп алууда.
Узак убакытка манас айтып Гиннестин рекорддор китебине катталуу кадамы кыргыздын каада-салты менен башталды. Улуттук кийимчен ай чырайлуу кыз-келиндер нан, туз менен тосуп алууда. - Sputnik Кыргызстан
9/12
Узак убакытка манас айтып Гиннестин рекорддор китебине катталуу кадамы кыргыздын каада-салты менен башталды. Улуттук кийимчен ай чырайлуу кыз-келиндер нан, туз менен тосуп алууда.
© Sputnik / Табылды КадырбековМанастын айкели коштоп, Мамлекеттик туу желбиреп, атайын даярдалган сахнада манас айтылып жаткан "Ала-Тоо" аянтындагы көрүнүш
Манастын айкели коштоп, Мамлекеттик туу желбиреп, атайын даярдалган сахнада манас айтылып жаткан Ала-Тоо аянтындагы көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
10/12
Манастын айкели коштоп, Мамлекеттик туу желбиреп, атайын даярдалган сахнада манас айтылып жаткан "Ала-Тоо" аянтындагы көрүнүш
© Sputnik / Акылбек БатырбековДөөлөт Сыдыковдун айнек боз үйдө тындырбай манас айтып жаткан учуру. Дрондун жардамы менен жакындан тартылган сүрөтү
Дөөлөт Сыдыковдун айнек боз үйдө тындырбай манас айтып жаткан учуру. Дрондун жардамы менен жакындан тартылган сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
11/12
Дөөлөт Сыдыковдун айнек боз үйдө тындырбай манас айтып жаткан учуру. Дрондун жардамы менен жакындан тартылган сүрөтү
© Sputnik / Акылбек БатырбековУзак убакытка манас айтылып жаткан иш чаранын асмандан көрүнүшү
Узак убакытка манас айтылып жаткан иш чаранын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
12/12
Узак убакытка манас айтылып жаткан иш чаранын асмандан көрүнүшү
Жаңылыктар түрмөгү
0