БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Эртең, 10-ноябрда, күндүз республика боюнча аба ырайы бузулбайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +10...+15 градус, Ысык-Көл облусунда +6..+11, Нарын жергесинде +3...+8 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада күндүн табы +11...+13 градуска жетсе, Ошто +12...+14 градус болору болжолдонду.