"Ынтымак" менен "Достук" президенттин кубогун талашууда. Финалдын видеосу

Жазылуу
Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо көк бөрү боюнча президенттик кубок өтүп жатат. Жогорку лиганын финалына эзелки атаандаштар, "Ынтымак" менен "Достук" командалары чыкты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги оюндарды түз эфирден чагылдырат.

Кечээ, 7-ноябрда, жогорку лиганын коло байгесине "Сары-Өзөн" командасы ээ болгон.

Чолпон-Атада эр эңиш оюну аяктады. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси жана сүрөттөрү

Ал эми биринчи лиганын баш байгесин "Мурас", экинчи орунду "Ала-Тоо", үчүнчү орунду "Келечек" командасы ээледи.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу өтүп жатат. Мелдеш 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланды. Жогорку лигада алты, ал эми биринчи лигада 12 команда катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0