00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
21:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дүйнөлүк баалардын өсүшү, күйүүчү майдын тартыштыгы жана айыл чарбанын келечеги! Кыргызстан бул чакырыктарга кантип жооп берүүдө?
09:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что защищают российские комплексы С-300 в Кыргызстане - эксперт о современных угрозах
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Адилет соттук териштирүү: улуттук стратегия жана жарандардын укуктарын коргоо
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда жарандарга техникалык паспорттор электрондук форматта бериле баштады
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Мамлекеттик кызматкерлер күнү: кесип, жоопкерчилик жана реформалар
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
История выборов - политолог о пути от античной демократии до всеобщего избирательного права
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Изъятые у контрабандистов звери и нехватка ветеринаров - будни Каракольского зоопарка
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстанда өнөр жайды кантип өнүктүрүүгө болот: логистиканын ролу жана текстиль тармагындагы кризис
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Евразия как коммунальная квартира - историк МГУ о том, как формировался единый евразийский мир
18:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Канткенде Кыргызстанда илим өнүгөт, анын көйгөйү эмнеде?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Байден алдыда. АКШ президенттигине ат салышкан инсан тууралуу кызыктуу фактылар

© AFP / JIM WATSONКандидат в президенты от Демократической партии и бывший вице-президент США Джо Байден
Кандидат в президенты от Демократической партии и бывший вице-президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Джо Байден  – америкалык саясаттын элүү жылдан берки  көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын карьерасы 1969-жылы Ньюкасл шаардык кеңешинде башталган. Ал эми быйыл, 77 жаш курагында, ал Кошмо Штаттардын президенттигине ат салышууда.

Мурдагы вице-президент Джо Байден АКШдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 264 добуш менен алдыда.

Трамп же Байден. АКШдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

Sputnik редакциясы Демократиялык партиядан талапкер, балким тагдыр буйруп АКШнын 46-президенти болуп калгысы бар Джо Байдендин өмүр чыйырына бир көз чаптырды.

1. Америкага XIX кылымда эле жер которгон ирландиялык католиктердин тукумунан. Чоң атасы American Oil мунай компаниясынын бөлүмдөрүнүн бирин жетектеген. Байдендин атасына жакшы эле өлчөмдө мурас калган, бирок Джо төрөлгөн маалда бир-эки ирет байлыгынан кол жууп кала жаздаган.

2. Бала кезинде кекечтиги бар эле. Мындан арылууга тынбай аракет кылып, сүйлөчү сөзүн алдын ала кайталап, сабакта окуп берчү тексттерге даярданып алчу. Акыры ошол кемчилигин жеңген. 

© AP Photo / AnonymousНовоизбранный сенатор-демократ от Делавэра Джо Байден
Байден алдыда. АКШ президенттигине ат салышкан инсан тууралуу кызыктуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Новоизбранный сенатор-демократ от Делавэра Джо Байден

3. 30 жашында Жозеф Байден сенаторлукка шайланып, АКШнын тарыхындагы бешинчи эң жаш мыйзам чыгаруучу болгон. Андан кийин сенатка беш жолу шайланып, 36 жыл бою сенаторлукту аркалаган (1972-жылдан 2009-жылдын январына дейре).

4. Шайлоодо утуп чыккандан кийин бир ай өтүп-өтпөй, сенатордун үй-бүлөсүндө жамандык болот. Биринчи жубайы Нелия жана 13 айлык кызы жол кырсыгынан каза табат. Оор жаракат алган уулдары ооруканага жаткырылат. Джо Байден уулдары Бо жана Хантер жаткан ооруканада ант берген.

5. Жубайынан ажырагандан үч жылдан кийин Байден алдын ала көрбөстөн эле кезигүүгө барып, англис тили мугалими Жилл менен таанышат. Экинчи жубайы экөөнүн Эшли аттуу кызы бар.

6. 1974-жылы эле Time белдүү журналы аны “болочоктун тарыхын жаза турган 200 өкүлүнүн катарына” кошкон.

7. 46 жашында Байдендин башындагы эки тамырдын аневризмасын аныкташкан. Саясатчыны оор абалда ооруканага жеткиришип, тезинен операция жасалат. Жарым жылда саламаттыгын чыңдайт,  натыйжада сенаттагы ишине кайтат.

8. Байден президенттик тактыны ээлөөгө үчүнчү ирет тырышып турат. Биринчи жолу 1987-жылы аттанган. Ошондо ал кыйла күчтүү талапкер эле, бирок аны британиялык лейбористтердин ал кездеги лидери Нил Кинноктун сөзүн уурдап алган деп айыптап чыгышкан. Дал ушул окуя анын шайлоо кампаниясын үзгүлтүккө учураткан. Экинчи ирет 2007-жылы күчүн сынаган. Бирок Айова штатынан бир пайыздан аз добуш алганда талапкерлигин алып койгон. 

© AFP / NICHOLAS KAMMВручение Президентской медали свободы Джо Байдену
Байден алдыда. АКШ президенттигине ат салышкан инсан тууралуу кызыктуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Вручение Президентской медали свободы Джо Байдену

9. Дүйнөлүк Forbes журналынын аналитиктеринин эсебине ылайык, былтыр Байдендин байлыгы 9 миллион долларга бааланган.

10. Экинчи мөөнөткө аттанган азыркы президент Дональд Трамп Байдендин талапкерлиги көрсөтүлүшүн кескин сынга алган. “Президенттин ишин аткара албайт” деп билдирип, аны “уйкусураган Джо” деп атаган. Байден да тим калбай, Ак үйдүн азыркы башчысын “жемкорлукка малынган”, бай гана америкалыктарды колдойт деп кине койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0