Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунушталды

© Sputnik / Эламан Карымшаков"Республика Ата-Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытов. Архив
Республика Ата-Журт фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча башка фракциялар талапкер сунуштай элек. Бул тууралуу кеңешүү үчүн парламентте 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Республика - Ата-Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуштады.

Канат Исаев спикерлик кызматтан кете турганын билдиргенден кийин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Мамытовдун талапкерлигин көрсөтө турганын айтты.

Азырынча андан башка фракциялар талапкер сунуштай элек. Бул тууралуу кеңешүү үчүн парламентте 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0