00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаровдун 10 жылга соттолгон эжеси тууралуу эмне белгилүү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка и.о. президента Садыра Жапарова в Джалал-Абадскую область
Рабочая поездка и.о. президента Садыра Жапарова в Джалал-Абадскую область  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаровдун эжеси 2015-жылы сыртынан соттолгон. Ага мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу, шылуундук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айыптар тагылган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарованы экстрадициялоо тууралуу кайталап кат жөнөтүүнүн зарылдыгы жок. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Ахматов билдирди.

Анын айтымында, 2014-2015-жылдары сот процесстери болуп, Райкүл Жапарова сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

"Интерпол тараптан ал Польшанын аймагында кармалгандыгы боюнча маалымат келген. Биз экстрадициялоо боюнча кат жолдогонбуз. Бул 25-июнь күнү болгон, бирок Польша тарап жооп бере элек", — деди Ахматов.

Садыр Жапаровдун эжеси Польшадан кармалды

Жетекчи "Польша кайрадан кат жөнөткүлө деп сурабагандан кийин кайталап жазуунун зарылдыгы жок" экенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, Жапарова чет өлкөдө кармалары менен кайра бошотулган.

Жапарова Кыргызстанда 2015-жылы сыртынан соттолгон. Ага мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу, шылуундук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айыптар тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0