00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:07
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:09
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министр: мектеп директорлорун 5 жылга шайлоо механизми ишке кириши мүмкүн

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомпьютерде иштеп жаткан аял. Архив
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорунун ишин тийиштүү категориялар боюнча баалаган механизмди иштеп жатат.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп директорлорун ректорлор сыяктуу эле беш жылга шайлоо механизмин киргизүү боюнча эксперттик топ иштеп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев КТРКнын эфиринде билдирди.

“Мектеп директорлору боюнча бизге көптөгөн суроолор келип жатат. Жашы 70-80ге таяп калган жүздөгөн директорлор бар. Кээ бирлери ондогон жылдардан бери иштеп, өз каалоолору менен креслолорун тапшыргылары келбейт. Себеби бул мамлекеттик кызмат катары эсептелбегендиктен чектөө жок. Коррупциялык схемалар бар, жаңылануу жок. Ошол эле учурда алардын арасында мыкты иштеп жаткандары дагы бар”, — деди министр.

Анын айтымында, учурда министрликтин директорлорду дайындоого тиешеси жок. Аларды жергиликтүү бийликтин сунушу менен билим берүү бөлүмдөрү бекитет.

Министр Бейшеналиев: мугалимдердин кагаз иштери азайтылат

Бейшеналиев белгилегендей, эгер директорлорду шайлоо системасы кирбей калса, министрлик аларды баалоо критериясы боюнча иштен алуу механизмин иштеп чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0