Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
5-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. 5-ноябрь, бейшембиде, өлкөдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл өрөөнүндө +8...+13, Нарында +7...+12 градус болот.

8-9-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбордо +15…+17 градус, Ош шаарында +19…+21 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0