БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Аны борбордук аппараттын жамаатына вице-премьер Максат Мамытканов тааныштырды.
Жантаев буга чейин Ысык-Көл облусунун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды
Өкмөттүн облустагы өкүлү Балбак Түлөбаев 26-октябрда кызматын тапшырып, Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.