Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСаргарган жалбырактар. Архив
Саргарган жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-ноябрга караган түнү өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-нояб. — Sputnik. Дүйшөмбү, 2-ноябрда, күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл жергесинде +9...+14, ал эми Нарын аймагында +6...+11 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +16...+18, ал эми Ошто +20...+22 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0