Садыр Жапаров аймактарга жумушчу сапарын баштады. Алгач Кочкордо болду

Жазылуу
Президенттин милдетин аткаруучу жумушчу сапарынын жүрүшүндө өлкөгө инвестиция тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСостоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды - Sputnik Кыргызстан
1/10
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМестные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
Ага ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан - Sputnik Кыргызстан
2/10
Ага ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСостоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт - Sputnik Кыргызстан
3/10
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМакет будущего проекта в рамках рабочей поездки и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган - Sputnik Кыргызстан
4/10
Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМестные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат - Sputnik Кыргызстан
5/10
Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСостоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
Маалым болгондой, аталган долбоорду Катар Чарити кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт - Sputnik Кыргызстан
6/10
Маалым болгондой, аталган долбоорду "Катар Чарити" кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевФлаги Кыргызстана и благотворительной организации "Катар Чарити" во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды - Sputnik Кыргызстан
7/10
Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМестные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген - Sputnik Кыргызстан
8/10
Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСостоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт - Sputnik Кыргызстан
9/10
Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСостоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
Мындан сырткары таза суу маселеси да чечилет - Sputnik Кыргызстан
10/10
Мындан сырткары таза суу маселеси да чечилет
1/10
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды
2/10
Ага ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан
3/10
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт
4/10
Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган
5/10
Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат
6/10
Маалым болгондой, аталган долбоорду "Катар Чарити" кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт
7/10
Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды
8/10
Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген
9/10
Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт
10/10
Мындан сырткары таза суу маселеси да чечилет

Ага ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт. Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган. Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат.

Маалым болгондой, аталган долбоорду "Катар Чарити" кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт. Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды.

Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген.

"Бул менин аймактарга болгон алгачкы иш сапарым. Айыл жергесине мындай объектинин курулушу – бул жаратман процесс, жеке мен үчүн да маанилүү болуп саналат", — деди Жапаров.

Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары, таза суу маселеси да чечилет.

Садыр Жапаров өлкөгө инвестиция тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын айткан.

"Долбоордун негиздөөчүлөрү уруксат документтерин алыш үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен. Аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз мындай бут тосууларга эми жол бербейбиз. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык", — деди өкмөт башчы.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Жапаров Катар мамлекетинин элчилигине эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктаарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0