Камчы Көлбаев камакка алынды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор в Уссурийске
Следственный изолятор в Уссурийске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Камчы Асанбек (Көлбаев) тергөө иштери бүтмөйүн камакта болот. Биринчи май райондук сотунун чечими тууралуу УКМК билдирди.

Эскерте кетсек, Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган

"Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө жүрүп жаткан маалда УКМКнын тергөө абагына камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.

Чечим кечээ, 23-октябрда, чыкканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0