Стенин атындагы сынак ишин жыйынтыктап, быйылкы жеңүүчүлөрдү атады

© Photo / Luis Tato, StenincontestСнимок испанского фотографа Луиса Тато "Теракт в отеле DusitD2", получивший главную награду конкурса имени Андрея Стенина
Снимок испанского фотографа Луиса Тато Теракт в отеле DusitD2, получивший главную награду конкурса имени Андрея Стенина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги негиздеген Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын максаты — жаш фотографтарды колдоо, фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

МОСКВА, 23-окт. — "Россия сегодня" медиатобунун маалымат кызматы. Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын жыйынтыгы чыгып, баш байгеге испан фотографы Луис Тато ээ болду.

Мыктыны тандоо сынактын уюштуруучусу болгон "Россия сегодня" медиатобунун мультимедиалык маалымат борборунун аянтчасында онлайн форматта өткөн.

Тато мындай сыйга "DusitD2 отелиндеги теракт" деген эмгеги үчүн татыган. Эскерте кетсек, каргашалуу окуя 2019-жылдын январында Найробидеги мейманканада болгон.

Луис Тато Стенин атындагы сынактын бир канча жолку лауреаты.

"Мен бул эл аралык сынактан үч ирет байгелүү болдум, жыл сайын кайра заявка бере берем. Анткени бул өзүмө жасалган чакырык, кесипкөйлүктү жогорулатууга мүмкүнчүлүк. Конкурска иш даярдоо, эрежеге ылайыктап заявка тапшыруу, жыйынтыгын күтүү, соңунда эл аралык калыстар тобунун баасын алуу — укмуштуудай тажрыйба. Андрей Стениндин фотосынагы жөндөмүңдү арттырып, иши жогору бааланган кесиптештерден эргүү алууга мыкты шарт түзөт. Дал ушул үйрөнүү, кесипкөйлүктү жогорулатуу мүмкүнчүлүгү мени жыл сайын конкурска катышууга түрткү болот", — деди Луис Тато.

Көргөнгө татыйт! Стенин атындагы сынактагы эң мыкты эмгектер

Конкурста 2020-жылдын лауреаттарын да атады. Бардык жеңүүчүлөрдүн ишине жогорку баа берилди. Жаш фотожурналисттер эмгеги аркылуу бүгүнкү күндүн эң талуу көйгөйүн козгоп, социалдык жана саясий кагылышуулардан тарта экологияга чейин кайрылышкан. Алардын айтымында, дал ушул чагылдырылган сулуулуктагы гумандуулуктун эбегейсиз күчү ааламды сактап калууга өбөлгө болот.

"Башкы жаңылыктар" номинациясында биринчи орунду Улуу Британиянын көз карандысыз фотожурналисти Линзи Биллинг Филиппиндеги баңгизатка каршы күрөшүү боюнча ири кампаниянын курмандыгы түшүрүлгөн "Көмүлгөн акыйкат" аттуу эмгеги менен ээледи. Ал байгелүү орунду Борбордук Америка, Гаити, Африкадан чыккан мигранттардын узак жолу көрсөтүлгөн "Түштүк чек ара" деген эмгекти жараткан француз Жофрэ Риймар менен бөлүштү. 

© Photo / Lynzy Billing, StenincontestЛинзи Биллингтин "Көмүлгөн акыйкат" аттуу эмгеги
Стенин атындагы сынак ишин жыйынтыктап, быйылкы жеңүүчүлөрдү атады - Sputnik Кыргызстан
Линзи Биллингтин "Көмүлгөн акыйкат" аттуу эмгеги

Калькутталык репортёр Сумит Саньянын "Чектеги жашоо" аттуу сүрөтү Мусуни аралынын жашоочулары тууралуу. Дал ушул эмгек "Менин планетам" номинациясында жеңүүчү болду. Бул серияда россиялык Сергей Паршуковдун "Жоголуп бараткан дүйнөнүн борбору" аттуу чыгармасы да белгиленди. 

© Photo / Sumit Sanyal, StenincontestСумит Саньянын "Чектеги жашоо" аттуу сүрөтү
Стенин атындагы сынак ишин жыйынтыктап, быйылкы жеңүүчүлөрдү атады - Sputnik Кыргызстан
Сумит Саньянын "Чектеги жашоо" аттуу сүрөтү

Спорт багытында түркиялык фотограф Шебнем Кошкун өзгөчөлөнүп, фридрайвер Сахика Эркумендин өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Гилиндире үңкүрүндө машыгып жатканын тарткан. Бул жаатта жеңиш россиялык журналист Павел Волковго кичине кезинде артиллериялык снаряддан чыккан өрттөн аман калган Алексей Талайдын тарыхы камтылган эмгеги үчүн ыйгарылды

© Photo / Sebnem Coskun, StenincontestТүркиялык фотограф Шебнем Кошкундун суу астындагы сүрөтү
Стенин атындагы сынак ишин жыйынтыктап, быйылкы жеңүүчүлөрдү атады - Sputnik Кыргызстан
Түркиялык фотограф Шебнем Кошкундун суу астындагы сүрөтү

Лауреаттардын толук тизмеси stenincontest.ru/stenincontest.com. сайтында жайгаштырылган.

Маалыматта атайын байгелерге да татыгандар болуп, "Башкы жаңылыктар", "Менин планетам" жана "Портрет. Биздин замандын баатыры" номинациялары боюнча аныкталды. Буга Бириккен шанхай медиа тобу, "Чайна Дейли" гезитинин интернет-порталы, Жалпы аравиялык Аль-Маядин маалымат холдинги жана дүйнөдөгү ири гуманитардык уюмдардын бири болгон Кызыл чырым эл аралык комитети өнөктөш болду.

Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысына эл аралык сынакта сыйлык тапшырылды

Конкурс тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги негиздеп, Россиянын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын колдоосу менен өтүп келген Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул таланттуу, сезимтал, алдыга умтулган жаш фотографтар үчүн мыкты аянтча.

Быйыл башкы маалыматтык өнөктөш Вести.Ru порталы, "Россия-Культура" телеканалы болду. Ал эми Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, Notimex маалымат агенттиги, ANA маалымат агенттиги, RT телеканалы жана порталы, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет-порталы,  The Paper интернет-порталы, Al Mayadeen медиатүйүнү, Prensa Latina,  News1 маалымат агенттиктери, DBW интернет-порталы, Brasil247 жаңылыктар порталы маалыматтык колдоо көрсөттү. Мындан тышкары, "National Geographic Россия" журналы, Russian Photo, Photo-study.ru порталдары, "Академия фотографии" фотомектеби, YOung JOurnalists маалымат порталы, Нью-Делинин фотожурналистика клубу,  Enfoque Visual, LF Magazine журналдары тармактык өнөктөш болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0